Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мамлекет жашыл экономикага көңүл бурушу керек

Мамлекет жашыл экономикага көңүл бурушу керек

09-ноябрь, 15:11
660 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда 11-ноябрдан 17-ноябрга чейин жашыл экономика жумалыгы старт алат. 15-ноябрда улуттук деңгээлдеги атайын Форум Бишкекте өтөт. Анын алдында журналисттер менен эксперттердин жолугушуусу болуп өттү. 

Дүйнө жүзү  жаратылыш ресурстарын сарамжалдоо менен бирге каражат табуу үчүн жашыл экономикага киришти.

Ал эми Кыргызстанда кандай? Элдин азырынча бул тууралуу түшүнүгү аз. Мисалы, Генплан боюнча Кыргызстандын борбору Бишкек шаары 100 миң автомашинага ылайыкташтырылган болсо, учурда 500 миңден ашуун унаа күнүгө шаардын көчөлөрүндө айдалат. Ал эми коомдук транспорт ошол унаалардын бир гана пайызын түзөт. Унаанын көптүгүнөн  жыл сайын  жол кырсыгынын саны  өсүүдө. Көчөлөрдө айдалган унаалардын түтүнү адамдардын ден соолугуна жана экологияга кандай терс таасирин тийгизип жатканы айтпаса да тушунүктүү. Кыргызстан  жол кырсыгы көп катталган жана жол кырсыктан көз жумган жана майып болгондордун санынын көптүгү боюнча алдыңкы тизмеге чыкты.  Кырсыкка кабылгандар көпчүлүгү наристеден баладан баштап, 25-26 жашка чейинки жаш балдар. Жыл сайын  жол кырсыгынан майып болгондордун саны өсүүдө. 

“Жашыл экономиканын” алкагында Кыргызстандагы зыяндуу заттар, ден-соолукка жана экологияга зыян алып келген курулуштар, завод-фабрикалар тууралуу   да кеп болду.Кыргызстандын кайсы аймагында  экологияга коркунучтуу заттар иштелип чыгып жатканы да айтылды.

Чет өлкөдөн экспорттолуп келген товарлар Кыргызстанда 80%ды түзөт. Эгерде чет өлкөдөн келген товарларды эмес, өзүбүздүн өндүрүштү колдоп, сатып алсак  да жашыл экономикага кошкон салымыбыз болот дейт эксперттер. Себеби, сырттан ташылып келген товарлардын алынып келүүсү үчүн да бир топ экологияга зыян келет.

Жашыл экономика тууралуу айтып отурса сөз көп, өлкөнү жашылдандыруу менен катар элдин ден соолугу тууралуу да кам көрүү зарыл экенин бул жолугуушуда баса белгиленди. 

Катышуучулардын ортосундагы талкуулоо кызуу болуп, дискуссияга айланып кетип жатты.

Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер