Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чыңгыз Айдарбеков: “Коронавируска чалдыктым. 11 күн дене табым түшпөй койду”

Чыңгыз Айдарбеков: “Коронавируска чалдыктым. 11 күн дене табым түшпөй койду”

14-июль, 14:17
817 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков коронавирус менен ооруп жатканын, азыркы учурда жакшы боло баштаганын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Коронавирус деген аты жаман оору өзү менен канчалаган кайгы, жоготуу, ыйды алып жүрөт.

Ооруп калдым... 11 күн бою ден табым түшпөй койду. Менин баардык иммундук системим көзгө көрүнбөгөн душман менен күрөштү.

Кудайга шүгүр, калыбыма келип жатам, убакыт жок, иш көп. Канчалаган азап чегүүлөрдү көрүү өкүнүчтүү. Ынтымак, адамгерчилик жана өз ара кам көрүү биздин элибиздин улуулугу.

Мындай оор кырдаалда биздин команда бир мүнөт дагы токтоп калбайт, биз жөнөкөй ресурстарды колдонуп, мекендештерибизге жардам берүүгө аракет кылабыз. Тилекке каршы, чет өлкөдөгү мекендештерге баардык учурда жардам өз убагында жетпей калыш мүмкүн, ошого карабастан колубуздан келген аракетти жасайбыз. ТИМдин борбордук аппараттагы кесиптештериме, баардык чет өлкөлөрдөгү агенттиктер жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери өздөрүнүн жан аябас, чын ыкластуу иши үчүн ыраазычылык билдирем.

Дипломаттар өз ишин адилеттүү, чын ыкластан жана өздөрүн жарнама кылбастан аткарышат. Кээ бирлери ооруп жаткандыктан, аралыктан иштөө жоопкерчилигин алышууда, бирок баары оор убакытка чыдайт. Биз ынтымак менен коронавирусту жана башка кыйынчылыктарды жеңерибизге ишенем. Баарына ден соолук, сабыр жана ийгилик каалайм", - деп жазылган билдирүүдө.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер