Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тырмактарыңдын издерин жонума калтырып, өзүң кайда шаштың?..

Тырмактарыңдын издерин жонума калтырып, өзүң кайда шаштың?..

25-июнь, 02:59
800 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сени көргөндө көңүлдүн бир бөксө жери толгондой болду. Чыгармачылыкка шыктуулугуң, илбериңки мүнөзүң, ички маданиятыңдын бийиктиги байкалды. Экөөбүз бир топко сүйлөштүк. Мен маектешүүдө туура эмес, күтүүсүз сөздөрдү айтып койсом керек. Ичиңден эмне деп ойлодуң?..

Мээ чөйчөктө “кылт” эткен бир азгырыкка туруштук бере албай бараттым. Аңгыча үйүңө да жете келдик. Ичимдеги алагүү сезим кумарланууга түртүп жатты. Далдоо жерден сени кучактап, эмчектериңди кармалап, өбүшө кеттик. (Айлана караңгы, бизди калкалап тургандай.) Тизеңе чейин көйкөлгөн гүлдүү көйнөгүңдү түрүп жиберип, томпойгон сооруңдан мыжып, дароо уйпалап кирдим. Жаныбыздагы узунунан жыгылган жоон бактын үстүнө чалкаңан жаткызып, үстүңө аяр чыгып, өзүңө “чөгүп” бараттым. Балкыган денеңдин кулуна айланып, кучагыңда кирген суудай эле оргуштап бердим... Жонумду башта сылап, аягында апчып, тырмактарыңды матырып жибердиң окшойт. Сызылып эле ачыша түштү. Мен да өчөшкөндөй дүңүрөңдөйм... Бир убакта көшүп, саамга тынчып калдык...

Ошол ирмемдерден кийин үйүңө киргизип кеткем. Андан соң жолугуша албадык. Эртеси эле тоого кетип, кайтпас тарапка безипсиң... Эл катары мен да суук кабарды уктум. Жол кырсыгына кабылып, оо дүйнөгө неге шаштың? Же кудалашкан кургуйлардан ушинтип кутулдуңбу?.. 

Жонума калтырган тырмактарыңдын издери сенден калган белек болду. Жүрөккө да так салдың... Сени эстеп жашаган кандай оор?.. Алаксый турган башка жанды таппай келем...

Кыян Сары,

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер