Улуу державанын өкмөт башчысы Акылбек Жапаровду жогорку деңгээлде баалаптыр


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аз күн мурун Москвага барып келди. Бул сапары чынында эле тарыхый деңгээлде өттү. Билгендер жогору баалашууда. Официалдуу деген статус ыйгарылып, аэропортто ардактуу караул тосуп жана узатып, Москва шаарында мотоциклдердин кортежи менен жүргөнү бир жөн. Бактысына баракелде! Буга чейин деле кыргыздардын эки-үч премьер-министрлери (акыркысы болуп Сапар Исаков) Россия тарабынын сыйынын эң жогорку даражасына татышкан. Бирок алардын бири дагы Россия өкмөт башчысы менен мынча жакын жана дос мамиле түзө алышкан эмес. Кайран эски Акылбегибиз тыпыйып алып, бекеринен эки достун ишенимине татыбаптыр. Өкмөттүн гана эмес, президенттин администрациясын да жетектеп, үч жылдын ичинде колго кол болуп, мамлекеттин экономикалык ийгилигин арттырып, жемиштүү аракеттенүүдө.
“Жакшынын шарапаты” деп, мурда-кийин аны шыбап жүргөндөрдүн көбү баш ийишип, моюн сунуп калгандары чын. (Айрым сынчылдарды эске албаганда). Аныгында, эл аралык деңгээлде, болгондо да улуу державанын өкмөт башчысы колдоп, Акылбек Жапаров өзү менен Москвага ээрчитип барган 15 министрдин, баардык губернаторлордун, администрациянын толук жетекчилигинин жана өзүнүн орус министрлеринин көзүнчө “наш неформальный лидер” деп айтканы баарын таңгалдыртып, сыймыктантып, төбөлөрүн көккө жеткириптир. Кандай керемет Акылбегибиз бар э? Жанында упузун болуп Эдилибиз турса, эмне деген гана төп келишүү? Эриш-аркак иштей беришсин, экөөнүн биринен келечекте реформатор президент чыгарынан шек санабайбыз. Бирок “салт боюнча” түрмөгө отуруп чыгуу керекпи? Албетте, тамаша иретинде суроо салдык.
"Азия Ньюс" гезити











