Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Министр Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылуу орундуу эмес”

“Министр Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылуу орундуу эмес”

14-июль, 19:37
670 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“13 жашар кыздын зордукталышы боюнча эмнеге министр Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышты? Саясый оюн жокпу? Алсак, Свердлов РИИБ жетекчиси, Бишкек ШИИБ начальниги Ногойбаев жана министрдин орун басарлары бар. ИИМдин аброюна шек келтирген ушулардын жоопкерчилиги каралыш керек да, туурабы? Дароо эле Улан Ниязбековго асылуунун артында буюртма, бузукулук жаткан жокпу? Кандай болгон күндө да калыстык керек го?” деген собол таштадык. Албетте, бул чуулгандуу окуя ушу бойдон калбашы керек. Күнөөлүүлөр өз жазасын алган оң...

Марс Сариев, саясат талдоочу:

-- 13 жашар кыздын зордукталышына милиция кызматкерлери өздөрү шектелип аткандары абдан өкүнүчтүү жагдайды жаратууда. Резонанстуу окуяны башында эле аны ырбатпастан ыкчам түрдө чара көрүп, коомчулукка кулачы жайыла электе натыйжалуу чечимге келип коюшса болмок. Маалыматтык “согушту” уттуруп ийишти. Коомчулук “Карга карга көзүн чукубайт” да, милиция өз кызматкерлерин кандай болсо да коргоого алып атат да” дегендей пикир жаратууда. Албетте, бул окуяны пайдаланып, чоң саясатка буруп атышат. 2005-жылы Американын “көлөкөсү” көрүнгөн, 2010-жылы Россияныкы дегендей... Мен ойлойм, чын эле эмне үчүн шаардын Свердлов районунун РИИБ жетекчисине чара көрбөйт же Бишкек ШИИБнин начальнигин жоопко тартпайт да, эмнеге ички иштер министрине асылып атышат? Себеби, министрди, күч структураларын “выключать” этиш керек. Бу жерде 2005-2010-жылдардагы схемаларды эске салууда. Демек, алдыдагы күз мезгилине даярдыктардын четиби, сырткы күчтөрдүн чалгындоо максатыбы (?) деп да кетесиң...

Элмурза Сатыбалдиев, ЖК депутаты:

-- Бул өтө чоң кылмыш жана кыргыз коомчулугундагы өтө терс көрүнүш. Мен айтат элем, бул нерсе эгер далилденсе, айбанчылыктын жеткен чеги. Биз кимге карап түздөнөбүз? Бизди кимдер, кайсы кесиптин ээси коргойт деп жүрөбүз? Ал эми министрдин отставкасын бул нерсеге байланыштырып, талап кылуу туура эмес. Себеби, министр ар бир кызматкери үчүн жооп бере албайт. Министрге чейин шектүүлөрдүн канча деген начальниктери, жетекчилери, бөлүм башчы, район башчылары, эң оболу министрдин орун басары дегендер бар. Дагы бир жолу айтам, бу жерде министрдин отставкасын талап кылуу орундуу эмес. Жалпысынан алып караганда, сөзсүз бул окуя ИИМдин ар бир кызматкеринин аброюна чоң шек жаратып, кадыр-баркына доо кетирүүдө. 

Урмат Акунов, жарандык активист:

-- “Атасы баласына, баласы атасына жооп бербейт” деген жазылбаган мыйзам бар. Бул окуяга байланыштуу министрдин моралдык гана жоопкерчилиги болушу мүмкүн, ал эми саясый жоопкерчилиги болбош керек. ИИМдин кызматтык, мамлекеттин кызыкчылыгында мүчүлүштүк иштер кетип калган учурда министрдин кайсы бир деңгээлде жоопкерчилиги каралса болмок. А жарандык жеке жашоосунда кызматкердин мындай ишке барганына министр эмнеге жооп берет? Анткени, ар бир кызматкер жеке турмушунда эмне кылганын, каякта жүргөнүн, кимдер менен эс алып, кимдер менен жолугары – ал милиционердин жеке керт башынын мойнунда. Министр Улан Ниязбеков бул ишти көңүл сыртында калтырбай, соттук териштирүүсү адилеттүү өтүшүнө өтө кызыкдар болуусу шарт.   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер