УКТ менен айыпталган Асан Токтомамбетов Нарын ОИИБде орун басар... Баш чайкайсың!

Качан караба, экс-министр Мелис Турганбаевдин кадрларынын былык-чылыгы чыгып, коомчулукка терскери реакция жаратып келишет. Бул эргул да Мекенин жакын иниси. “Алма сабагынан алыс түшпөйт” дегендей, өткөн чагына көз чаптырсаң эле айнып кетесиң...
Убагында Асан Токтомамбетов Сокулук РИИБ начальнигинен четтетилген. Себеби, “Дөө Чыңгыз” менен алака түзөнү, сүйлөшкөнү ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан аныкталып, жазалануу таризинде жоопкерчиликке тартылган эле. Милиция ичинде чоң резонанс жараткан. Андагы ИИМдин орун басары Данияр Абдыкаров жумуштан алса керек.
Таңгаласың, кечээ УКТга байланыштуу кызматтан алынган Асан Токтомамбетов учурда Нарын ОИИБнин орун басары катары иштеп атат. Кандайча? Баш чайкайсың. Биздин угушубузга караганда, Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев жалдырап жатып орноштурганбы? Маанилүү кызматка дайындоодо ар бир жетекчинин өткөн чагы каралып, “ак” же “карасы” талданышы керек да. Учурунда УКТ менен коюн-колтук алышып, “табакташ” катары таанылса, кызматтан алынса, анан кайра келип эле чоңоюп кетсе, деги эмне дейбиз? Аргасыздан үшкүрөсүң да-а. “Көйнөгүңдү уй жегир!” десе...
"Азия Ньюс" гезити