Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбек Мырза: “Менин тажрыйбам бар, Талас облусун өнүктүрөм”

Айбек Мырза: “Менин тажрыйбам бар, Талас облусун өнүктүрөм”

10-январь, 21:38
2 308 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарымдуу өкүлү иш аракеттери жана негизги көйгөйлөр боюнча ой бөлүштү.

-- Мурда аткаруу кызматында тажрыйбаңыз болбой туруп, губернатор болдуңуз. Ишти алып кетүүдө кандай кыйынчылыктар жаралды?

-- Мен өзүм президенттин алдындагы башкаруу академиясын бүтүргөм. Банк тармагында 10 жыл эмгектенсем, анын 5 жылын жетектөөчү кызматтарда иштедим. Ошондуктан башкаруучулук жөндөмүм жана тажрыйбам бар экенин айта алам. Азыркы кызматым саясый кызмат болгондуктан, анда көрөгөчтүк, акыйкаттык, команданы туура багыттоо талап кылынат. Өзүм дагы коомдук-саясый, социалдык маселелерди жакшы билгендиктен, көп деле кыйынчылык жаралган жок. Талас облусун өнүктүрүп, үлгүлүү аймак кыларыма көзүм жетип турат. 

-- Буга чейин сиздин Жерүйдүн иштешине каршы чыгып келгениңизди билебиз. Эми кандай позициядасыз? 

-- Жерүй боюнча позициям өзгөргөн жок. Башынан эле анда “мамлекеттин үлүшү болушу керек” деп келгем. Аны иштетүүгө каршылык билдирген эмесмин. Болгону “ал кыргыз элинин пайдасына чечилсин” деген ойду карманып жүрдүм. Бир эле Жерүй эмес, өлкөдөгү баардык кендерде мамлекттин үлүшү болуп, аны өзүбүз иштетсек болот. 

-- Жетим-Тоо боюнча да ар түрдүү пикирлер болууда. Сиздин пикир кандай?

-- Жетим-Тоону деле мамлекет өзү иштетиш керек.

-- Губернаторлорго өкмөттөн өнүгүү планын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди эле. Сиздин пландын өзөгүн эмнелер түздү?

-- Негизги максат – Таласта өндүрүлгөн айыл чарба жана мал чарбачылыгын кайра иштетүүнү колго алуу. Айыл чарбасындагы түшүмдүүлүктү көбөйтүү маселесин жөнгө салуу. Тоют дагы көйгөйлүү маселелердин бири. Мал жандыктары тоют менен жетишерлик камсыз болбогондуктан, бул жаатта дагы иштер көп. Калкты жумуш менен камсыз кылуу максатында ар бир районго ири ишкана куруу пландар бар. Мен ишке келер менен ар бир айыл өкмөтүнө бирден бизнес долбоорун иштеп чыгуу тапшырмалары берилген. Азыр комиссия түзүп, иштетип кетүүгө боло турган долбоорун каржылоо аракеттерин баштайбыз. Ошондой эле ички инвесторлорду тартуу аракеттери жүрүүдө.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер