Акыркы кабарлар
» Саясат » Биринчи Май РИИБ начальниги Эрназар Дүйшекеев жаштык кылып койбойбу?
Биринчи Май РИИБ начальниги Эрназар Дүйшекеев жаштык кылып койбойбу?
20-февраль, 20:40


Жакында Эрназар Дүйшөкеев Биринчи Май РИИБ начальнигине дайындалды. Кыраакы, күчтүү оперлер мыйыгынан жылмайышып, сыноого ала баштаган кербездери. Себеби, ал буга чейин Чүй ОИИБнин орун басары катары өзүн көрсөтө албай, жасалма түрдө карьералык секирик жасап келатканы байкалды. “Колдогону күчтүү” дейт. Назилинде, кандай гана жөлөк-таяк кылган адам болбосун, анысы дайыма көлөкөдөй жанында жүрө албайт да, реалдуу иш башка эмеспи. Биринчи Май району шаардын саясатташкан аймагы. Бул жерге тажрыйбалуу, мындайча айтканда, “зубр” жетекчилер дайындалышы керек эле. Тилекке каршы, Эрназар жаштык кылып, ката кетирсе кантебиз? Кайрадан эле ИИМге сөз тийет да. Алдын ала коңгуроо кага туралы. Кийин анан баса белгилейбиз.
"Азия Ньюс" гезити











