Эльдар Абакиров, ЖК депутаты: “Мугалимдердин 40 пайыз убактысы керексиз нерселерге кетүүдө”

-- Эльдар Курманбекович, билим берүү тармагындагы артыкбаш отчеттор жөнүндө аябай кызыктуу билдирүү жасадыңыз эле. Сиздин айтымыңызда, мугалимдердин көп убактысы эч кандай кереги жок кагаздарды толтурууга кетет турбайбы?
-- Биз азыр мугалимге өтө деле чоң айлык төлөбөйбүз. Орточо айлык 40 миң сом болсо, мугалимдердики 26 миң сом. Окуучулар болсо өтө көп. Бир класста 40-50 окуучу окуган мектептер бар. Жоопкерчилик, жүк абдан оор. Ошол эле учурда мугалимдер негизги ишин кылышпай, 40 пайыз убактысын кагаздарга, ар кандай отчетторду жазууга кетирет экен. Ал отчеттордун жарымынан көбү керексиз, эч кимге пайдасы жок. Эл аралык стандарт боюнча кагаз толтуруу иши мугалимдин убактысынын 10 пайызынан ашпашы керек. Ошол стандартка алып келбесек, биз билим жагынан катуу аксап калабыз. Билим жагынан аксаганыбыз – келечекти уттуруу деген сөз.
-- Сизге мугалимдер кайрылыштыбы?
-- Мен эл кыдырып, кандай көйгөйлөр бар экенин сураганымда, он мектептин жетөөсүндө “кагаздардан тажадык, башыбыз кагаздан чыкпайт, окуучулар менен иштегенге убактыбыз жок” деп айтышат. Мен “кандай ашыкча кагаздар бар, жазып бергиле?” десем, баш-аягы 21 отчет чыкты. Бул эмне деген сөз! Мугалим бар-жоктун баарына жооп берет экен. Билим берүү жагына тийешелүү болсо мейли эле, балдардын каникул учурундагы коопсуздугуна, окуучу кайсы ийримге катышканына да жооптуу. Аны ийримге тийешелүү адамдан сураш керек да. Баарын эле мугалимден сурай бергенде ал эмнеге жетишет? “Түндүктө” ар бир бала боюнча, ата энеси ким, кайда иштейт – баардык маалымат бар. Ошонун баарын кайра эле мугалимге 2-3 беттен толтуртат экен. Классында 50 бала болсо, демек, 150 бетти мугалим толтуруп отуруш керек. Бул акылга сыйбаган нерсе!
-- Сиз билдирүү жасагандан кийин билим берүү министрлигинен кандайдыр бир реакция болдубу?
-- Дароо эле “биз отчетторду кыскартабыз” дешти, бирок иш жүзүндө эчтеке кылына элек. Кечээ эле мага көптөгөн мугалимдер “эч кандай жылыш болбой жатат” деп жазышты. Ошол эле учурда мага врачтар да “бизде да ашыкча отчет көп, дагы эле совет доорунан калган кагаздарды толтурабыз” деп жазып атышат. Саламаттык сактоо министри “бир канча айда отчетторду кыскартам” деп койду. Менин оюмча, муну бир нече айга созуунун кереги жок, тез-тез эле жасаш керек. Себеби, бул өлкөнүн келечегине түздөн-түз байланыштуу маселе. Биз билим берүүгө жылына 80 миллиард сом коротсок, ал эми мугалимдин 40 пайыз убактысы керексиз нерсеге кетип атса, демек, 30 миллиард сомдон ашыкча акча натыйжасыз короп, ысырап болуп атат деген сөз. Муну тезирээк оңдош керек.
Керим Мурас
"Азия Ньюс" гезити