Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адахан Мадумаровдун тандоосу Айгүл Айдарова менен өлчөнгөндө

Адахан Мадумаровдун тандоосу Айгүл Айдарова менен өлчөнгөндө

13-апрель, 22:03
1 218 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Бирөөгө сынтаксаң, текеберленсең өзүңдү да күзгүдөн карап коюшуң керек. Адахан Мадумаров сүйлөсө тилинен чаң чыгып, акыл үйрөтүп, тазалык, мыйзамдуулуктан кеп кылат. “Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт” дегендей. “Бүтүн Кыргызстан” партиясы аркылуу Жогорку Кеңешке алып келген аялдарын карагыла. Орозайым Нарматова жасалма диплом менен көз боёмочулук кылып, мамлекетти, элди алдаганына күбө болгонбуз. Мандатынан ажырап тынган... Ал эми Айгүл Айдарова аттуу депутаты сүйлөсө эле денең жыйрылгандай болуп, жаман абалда калат экенсиң. Маданиятсыз, билимсиз, базар деңгээлинен да төмөн образын чагылдырып, көпчүлүктүн кыжырына тийип келет. Аз күн мурда генералдарга айкырып, акыл парасаты пас экенин көрсөттү. Көтөргөн маселеси түшүнүксүз. Айтор, бүтүндөй коомчулук иренжиди. Анан калса, Жогорку Кеңештин чоң жыйынында “дулясын” көрсөтүп, Кулиевадагы кыздардан да ашып түштү го? Мына Мадумаровдун тандоосу... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер