Сүйгөнүмдү тандасамбы же үйдүбү? Ара жолдо айласыз турам...
22 жаштамын, Москвада иштеп жүргөнүмө 2 жыл болду. Жакшы иштеп, үй-бүлөмө жардам берип келе жатам. “Турмушка чыгайын” деген оюм деле жок эле. “Шаардан үй болуп калсын” деп ата-энеме Оштон насыя түрүндө квартира алдыргам. Жакшы эле төлөп келе жаткам. Анан кайдан жайдан жашоомдо бир адам пайда болду. Ооба, ар күнү Жараткандан ушундай адамга жар кылышын сурачумун. Мен издеген баардык сапаты бар! Акыл эстүү, токтоо, мени сыйлайт. Экөөбүздүн баардык ой-пикирибиз төп келишет, бирок ал азыр үйлөнүүнү сунуштады. Мен болсо “квартирамды төлөп бүтмөйүнчө турмушка чыкпайм” деп сөз бергем. Эмне кылышты билбей турам. Чын эле ал адамды жактырып калдым. Бирок ата-энеме берген сөзүм үчүн андан баш тартууга даярмын! Эгер үйүмдү ойлоп, ал жигитке тийбей койсом, кийин өкүнүп калбаймынбы?..
Айтолкун