Бийлик Абдил Сегизбаевден оттон корккондой жалтанганын көргөздү...
Дал ушул адам менен чоң үй-бүлө куруу кыялым ишке ашты...
Абдилди эки сөз менен баяндоого аракет кылсам, анда аны “жашоодогу ишенимдүү жана жоопкерчиликтүү шеригим” деген сөздөр менен сүрөттөй алам. Бирок дагы да болсо кошуп кетким келет: чынчыл жана ак ниет – ал канында. Өз мекенинин патриоту, баарына ак эмгеги, маңдай тери менен жеткен (муну мен так билем), мээримдүү ата, уул жана бир тууган, ишенимдүү дос.
Башкаларга караганда Абдил “оозунда күмүш кашыгы” менен төрөлгөн эмес. Ата-энесинен эрте ажырап, эжелери менен “спартандык” шарттарда чоңойгон. Алардын жаш кези катаал 1990-жылдарга туш келип, жардам күтө турган жер да жок болчу жана алар бири-бирине көмөк болуп, ынтымакта өздөрүнүн жашоодогу ордун табуу үчүн күрөшө башташкан.
Билимге болгон сүйүү гана алардын элдин арасына кошулуп, өз мекени үчүн татыктуу жана ишенимдүү инсан болуусуна жардам бере тургандыгын Абдил эрте түшүнгөн. Өзүнүн турмуш жолун ал китеп менен өткөргөн жана азыр дагы ага жума сайын жаңы китептердин топтомдорун жиберип турабыз.
Абдил өз мекенинин патриоту, ал мекенин чын дили менен сүйөт жана Кыргызстандын эли өзүнүн өлкөсүндө гана бактылуу болушун кыялданат. Жараткан кабыл кылып, бул кыялы орундалсын! Өзүнүн акыркы аракеттери менен бийлик Сегизбаевден оттон корккондой жалтанганын көргөздү. Демек Абдил аларды жеңди! Чындык – бул дайыма жеңиш!
Айнура Сегизбаева
"Азия Ньюс" гезити