Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » СССР учурунда балдарга камкордук көрүлсө, азыр кордолгондор көбөйүп кетти

СССР учурунда балдарга камкордук көрүлсө, азыр кордолгондор көбөйүп кетти

06-август, 18:00
427 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Россиядагы жана башка өлкөлөрдөгү мигранттардын көпчүлүгү азап чегишип, кыйын абалда акча таап жүрүшөт. Алардын коопсуздугу, саламаттыгы да ойдогудай эмес. Учурда 90 миңге жакын балдардын ата-энелери чет өлкөлөрдө иштеп кетишкени кабарланды. А эсепке алынбагандары канча? Бул көрүнүш мамлекетибиздин келечеги үчүн да кооптуу. Ансыз да жакырчылыктан жабыркаган, же аракеч, оорулуу ата-энелердин балдары жетиштүү деңгээлде каралбайт. Замандын каатчылыгы, өнүгүүнүн чектелиши, кайдыгерликтин айынан келечегибизге балта чаап келатканыбызды байкабай, көңүл кош мамиле жасайбыз. Маселен, СССР учурунда ар бир балага камкордук көрүлүп, саламаттыгына, билим алуусуна шарттар түзүлүп, атургай жайкысын лагерлерге барууга милдеттендирилген. Эсил кайран коммунисттик доор келечекке чоң максат, жогорку идеология менен караган. Азыр эмне болдук? Өтө кейиштүү жагдайга тушугуп баратабыз. Өкмөт адатынча төш кагып, гүлдөп-өсүүнү айтат, а чыныгы турмушта кайгыга баткандар, келечеги кетменделип калгандар он миңдеп, жүз миңдеп саналып жатпайбы...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер