Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанда доллардын наркы 100 сомдон ашты

Кыргызстанда доллардын наркы 100 сомдон ашты

10-март, 09:00
710 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

9-мартта Кыргызстандын коммерциялык банктарында жана менчик акча алмаштыруучу жайларда 1 АКШ доллары 100 сомдон ашты.

Ушул тапта акча алмаштыруучу жайлар, коммерциялык банктар америкалык долларды 98,50 сомдон сатып алып, 101 сом 50 тыйын, 102 сомдон сатууда. Улуттук банктын расмий курсунда бир доллар 97 сом 69 тыйын болуп турат.

Украинадагы согуштан улам орус экономикасы басымга учурап, анын кесепетинен кыргыз сомунун куну дагы төмөндөп жатат. Россиянын Борбордук банкы 9-мартта коммерциялык банктарга накталай рублге чет элдик валюталарды сатууга тыюу салды.

Кыргызстандын Улуттук банкы жыл башынан бери төрт жолу интервенция жасап, 200 миллиондон ашуун долларды каржы базарына чыгарды. Акыркы жолу 4-мартта валюта базарына 55,35 миллион долларды саткан. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер