Эмил Жороев, саясат талдоочу: “Камактагыларды бошотуп, саясый кысымдарды токтотолу”
-- Эмил мырза, Кыргызстандын геосаясаттагы абалы туруктуу болуш үчүн учурда кандай кадамдарга баруу керек?
-- Тышкы саясат туруктуулугун камсыздоо учурда кыйын, анткени дүйнөлүк кырдаал өзү өтө туруксуз жана тобокелдүү абалда. Ал тобокелдерге бекем туруу үчүн биринчиден, ички коомдук-саясый кырдаалда туруктуулук керек. Мисалы, биздин камакта жаткан бир топ адамдарды бошотуу керек, ар кандай кысым көрсөтүү саясатын токтотуу абзел. Жигердүү, ачык-айкын диалог нугундагы саясатка өтүү зарыл. Экинчиден, дайыма айтыла келген Кыргызстандын эгемен кызыкчылыгын алдыга коюп, ошол кызыкчылыкка кандай мамилелер, кайсы тараптар менен болсо, ошого ыктаган оң. Өзгөчө Украинадагы согуш боюнча. Согушту баштап, улантып жатып, дүйнөнү тобокелге салган тарап менен ашкере жакындашуу биздин кызыкчылыктарга туура келбейт. Үчүнчүдөн, тышкы саясат боюнча ийкемдүүлүк, прагматикалык көз караштар жана аракеттер зарыл. Алдын ала бардык маселени бир жолго салуу мүмкүн эмес, андыктан, ийкемдүү жана өз кызыкчылыгыбызды так карманган дипломатия аркылуу алга баса билүү маанилүү деп ойлойм.