Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмазбек Токторов, ЖК депутаты: “Өкмөт көп нерсеге жоопкерчиликти албай, парламент менен президентке буруп коюп жатат”

Алмазбек Токторов, ЖК депутаты: “Өкмөт көп нерсеге жоопкерчиликти албай, парламент менен президентке буруп коюп жатат”

25-январь, 14:23
424 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Алмазбек Сатиевич, акыркы эле кездерде медиктерге кол көтөргөн эки учур катталды. Бул эки адамдын жеке мамилесин гана эмес, медицина тармагындагы терең тамырлаган көйгөйдү көрсөтүп турган жокпу?

-- Мен өзүм медикмин. Бирок, кандай кырдаал болгондо дагы ар тараптуу болот. Ал жерге эки жак катышып жатпайбы. Ошондо бир жагы кара, бир жагы ак (!) деп кесе айтканга болбойт. Кырдаалды байкап көрүш керек. Албетте, медикке кол көтөргөн туура эмес. Бирок, медицинада дагы проблема бар да. Баласы ооруп, кезекте турган кишилерди да түшүнсө болот. Баласы үчүн коркуп, кабатыр болуп турганда, медик туура эмес мамиле кылып койсо нерви чыдабай кетет да, туурабы? Ошон үчүн ар тараптуу караш керек. Ошого жеткирбеш үчүн, жанагындай кезек күткөндөр болбошу үчүн мамлекеттик-жеке менчик шериктештиктин негизинде колунда бар адамдардын медициналык борборлорду ачуусуна мүмкүндүк берүү зарыл. Бир эле врачка жалдырабай, кайрыла турган  альтернатива болушу шарт. Ошондой мүмкүнчүлүк түзүлгөндө гана биз кырдаалды объективдүү карасак болот. 

-- Азыр адамдын абалы начарлап, эшигинин  алдында жыгылып калса да эч бир оорукана кабыл албайт. “Тез жардам” аркылуу гана келиши керек. Ал эми “тез жардам” чакырсаң ооруну убактылуу басаңдатуучу дарыларды берип кетип калат... 

-- Түпкүлүгү жанагы эле проблема да. Материалдык-техникалык база жетишпейт, ооруканаларда орун жок. Кээ бир ооруканалар “тез жардам” алып барганда деле “каякка жаткырам?” деп кабыл албайт. Коридорго жаткырып атпайбы. Мисалы, республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы коридорго чейин жаткырат. Качан гана биз базаны түзгөндө, мамлекеттин алы жетпесе менчик ооруканаларды курганга уруксат бергенде гана абал оңолот. 

-- Абал ушундай болгон соң медицинага бөлүнчү каражат быйыл бир аз көбөйдүбү?

-- Жок. Ошол эле бойдон калып жатат. Каражаттын көпчүлүгү ФОМСта да. Кызматты саламаттык сактоо министрлиги көрсөтүп, тигилер төлөйт. Ал эми ФОМСтун бюджети аз. Себеби, иштеген адамдар аз, алар которгон 2 пайыз эчтекеге жетпейт. Эстонияда 13 пайыз, ошондо да зорго жеткирет, бирок, алардын медициналык кызматы өтө сапаттуу. Ошон үчүн бизде да эки пайыздан көбөйтүш керек. Бирок, биздин өкмөт “эл кабыл албайт, толкуп кетет” деп көбөйткөндөн коркуп турат. Ошон үчүн өкмөт жоопкерчиликти алышы керек өзүнө. Өкмөт көп нерсеге жоопкерчиликти албай, Жогорку Кеңеш менен президентке буруп коюп жатат. Эл азыр сураганда кимден сурайт? Парламенттен сурайт, анан президентке кайрылышат. Өкмөт дегенди унутуп калышкан, соцтармактарда дагы, көчөгө митингге чыкканда дагы. Бул эмненин белгиси? Өкмөт жоопкерчиликти өзүнө толук кандуу албай жатканынын белгиси. “Элге жагам-жакпайм” дебей эле жоопкерчиликти өзүнө алып, популярдуу эмес кадамдарга буруу зарыл. Мисалы, Украинанын өкмөтү жоопкерчиликти алып, популярдуу эмес кадамдарга барып, аларды кетиришти. Бирок, фундаментти түзүп коюп кетишти. Биздин өкмөт болсо андай кадамдарга баргысы келбей, четке чыгып туруп алып жатат... 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер