Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дастан Жумабеков, ЖК депутаты: “Каада-салттарыбызды сыйлайбыз, бирок адамдын укуктары да бар эмеспи...”

Дастан Жумабеков, ЖК депутаты: “Каада-салттарыбызды сыйлайбыз, бирок адамдын укуктары да бар эмеспи...”

01-июнь, 20:33
319 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-Дастан Артисбекович, үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зордук-зомбулукка жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоору бир топ талаш-тартышты жаратты. Бул боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?

-Биринчиден, күн тартибинде каралуу процедурасы боюнча талаш-тартыш чыгып кетти. Бир депутатыбыз долбоорду күн тартибинен алып, кайра комитетке кайтаралы деп сунуш киргизди. Негизи туура, бирок регламент менен болуш керек. Мисалы, азыркы иштеп жаткан регламентке ылайык, эгерде күн тартибинде турган мыйзам долбооруна депутаттын сын пикирлери болсо (ал долбоор үч күн мурда таратылат), менин каршы пикирим бар деп кат жазып, же экинчи, же биринчи окуу режимине кайтаруу боюнча анын сунушу төрагага, аппаратка келип түшүүгө тийиш. Ал эми мыйзам долбоору каралып жатканда артка кайтарууну сунуштаса, ал мыйзамсыз болуп калат. 

-Кесиптешиңиздин бул мыйзам долбоору биздин каада-салтка, менталитетке каршы келет деген пикирине эмне дейсиз?

-Туура, биздин каада-салттарыбыз, үрп-адаттарыбыз бар. Биз аларды сыйлайбыз. Бирок, адамдын укуктары да бар да. Ошолорду так-так жазып коюш керек. Бир адам бир аз алсызыраак болуп калса, күчтүү адам ага үстөмдүк кылбашы керек да, туурабы? Мисалы, жубайлардын бирөөсү, күйөөсү же аялы күчтүүрөөк болуп, жубайына, баласына үстөмдүк кылып атса, ага чара көрө турган мыйзам болбосо, андай каада-салттын эмне кереги бар?

-Бирок, кесиптешиңиз айткандай, бир аз тилдеп, какыс-кукус кылып койсо эле баласы атасын сотко берсе кандай болот?

-Эч убакта жөн эле бербейт. Үй-бүлө ажырашып кеткенде мурунку аялыбы, күйөөсү болобу, келип алып ошол үй-бүлөгө, баласына үстөмдүк кылып атса, укук коргоо органдарына арыз келип түшкөндө, ошонун жазасын катаалдаштырып бергиле (!) деп жатабыз. Ал келип алып моралдык, физикалык жактан коркутуу жүргүзсө, ага мыйзам иштебей жатса, анда ал келип трагедияга айланат да. Ошону эле караган мыйзам. Эч ким каада-салтка тийишкен жок. Каада-салт деген эмне? Улууга – урмат, кичүүгө – ызаат. Кыргыз жигиттери эзелтеден аялды, энени сыйлап, балага жакшы тарбия берип келген. Бирок, ошонун чегинен чыгып кеткендерге мыйзамдуу жол менен чара көргүлө (!) деп атабыз. Болгону ошол.  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер