Асел Кодуранова: “Шайлоонун тынч өтөрүнө күмөнүм бар”
-- Асел айым, Кой-Таш окуясы боюнча сот иштери кантип атат?
-- Кой-Таш окуясы боюнча сот иштери токтогон жок. Кечээ жактоочу Замир Жоошов талапкер болуп катталган төрт кишини “шайлоо өнөктүгү учурунда соттук иштерди токтото тургула” деген таризде ходатайство берген. Тилекке каршы, соттор жактоочунун өтүнүчүн четке какты. Кечээ сот иши уланмак, сотубуз ооруп калыптыр, кийинки убакка жылды.
-- Алмазбек Атамбаевдин акыбалы жана соттук иштери кандай?
-- Алмазбек Шаршенович жакында эле 65 жашка чыкты. Үчүнчү жылга кетти, камакта отурат. Ден соолугу начарлап барат, кан басымы түшүп, грыжасы да бар эле, жүрөгү ооруп, өзүн бир калыпта кармап туруу үчүн дарыларын ичүүдө. “Камактын шартында өзүн-өзү карайт” деген болбогон иш. Ошого карабай кайра биздин духубузду көтөрүп, кеңешин берип, жакшы сөздөрүн айтып, “баары жакшы болот” деп коёт. А соттук иштерине күндө жаңы жагдайларды мойнуна илип аткандары мени таңгалдырат. Батукаевдикин Жогорку сот мурунку чечимин күчүнө калтырып койду. Тарых бир күнү болбосо бир күнү ачыктайт...
-- Парламенттик шайлоо сиздин оюңузча тынч өтөбү?
-- Шайлоонун үгүт иштеринин башталганына бир жума боло элек. А талапкерлер бири-бирин аңдып, кылдан кыйкым издөө менен алек. Кээ бири БШКга арыз бергенге үлгүрүп ийди. Бул эми башталышы. Андан аркысы кандай болору белгисиз. Тынч өтөрүнө күмөнмүн, алдыда бир айга жакын убакыт бар, баардык көйгөйлөр четинен чыга берсе керек.