Мирлан Желдеңбаев, ардагер чек арачы: “Кандуу кагылышты каалабасак да, эки жолу кайталанып кетти”
-- Мирлан мырза, өмүрүңүздү чек араны коргоого арнаптырсыз. Чек арачы болуу сыймыктуубу же түйшүгү түмөн, тобокелдиги чоң оор кесиппи?
-- Түйшүктүү, сыймыктуу, тобокелчилиги да чоң кесип. Түйшүктүү дегеним, эл четинде, жөө бетинде болуп, үй-бүлөңдөн, жакындарыңдан алыс болосуң. Балдарыңдын күн санап чоңойгонун, кылыктарын да көрбөй каласың.
Сыймыктуусу, абийир алдында дагы, мекен алдында да ак кызмат өтөп, жүзүң жарык болот. Мисалы, мен чек арачы болгонума сыймыктанам. Мекен алдындагы атуулдук да, адамдык дагы милдетимди аткардым.
-- Чек араны кайтарганда “турмушубузду жакшыртып алалы, мүмкүнчүлүктөн пайдаланалы” деген учурлар болду беле?
-- Эгер андай максатыбыз жаралса, баары башкача болмок да. Биз “үй алалы, сыйлык алалы” деп эмес, “мекенибиздин коопсуздугуна салым кошолу” деген максатта жүрөгүбүз менен берилип иштедик. Бизге чек араны кайтаруунун өзү сыймык, жоопкерчилик да. Ошон үчүн акчасына, башкасына карабай эле баш-отубуз менен киришип, “мекенге чеп болобуз” деп чек араны кайтарчубуз. Албетте, мамлекет мээнетиңди кайтарып, эмгегиңди бааласа, ал сага сыймык гана алып келет. Ошон үчүн чек арачыларга стимул болгон иштерди жасаса, алардын андан ары да шыктанып иштешине өбөлгө болот. Чек арачылардын эрдигин баалап, эмгегин даңктап, башкаларды шыктандырышыбыз керек.
-- “Чек арада чыр чыкты. Ок атылды” деген сөздү укканда мурунку сакчылардын реакциясы кандай болот?
-- Чек ара кайтарып, түйшүгүн, милдетин, жоопкерчилигин жакшы билгенибиз үчүн андай сөздү укканда жаныбызды коёрго жер таппай калабыз. Оюбуздун баары чек арада, мекенди коргогон жоокерлерде болот. “Жабыркашпаса, жарадар болбосо экен” дейбиз. “Өлүм болду” десе, “аз болсо экен”, жараат алса, “жеңил болсо экен” дейбиз. Чек арачы ардагерлер чогула калып, кантип жардам берип, кандай колдоо көрсөтүшүбүз керек экенин сүйлөшөбүз. Анткени, баарыбыздын оюбуз мекен чегинде да, уйкубуз умачтай ачылат.
“Чек арада ок атылды, кармаш күчөдү” дегенде, ардагерлер түндөп чыгып, таңга маал жетип бардык. Чек арачыларга моралдык, башка жагынан дагы колдоо көрсөттүк. Ошол жерден аларды даңктай турган иштерди жасоону жана ар бири өзүнчө баатыр экенин туйдук. Ошолорду мисал кылып, мекенчил жигиттерди өстүрүү зарылдыгын түшүндүк.
Кармаштан каза болгон жоокерлердин эрдигин даңазалоо үчүн “Бөрү” спецназынын ардагерлер коомдук бирикмесин түзүп, филармонияда шейит кеткен баатырларды эскерүү кечесин уюштурдук. Каза болгон баатырлардын туугандарын чакырып, концерт бердик. “Баатырдын энеси” жана “Баатырдын жубайы” деген медалдарды тактык. Балдарынын, өмүрлүк жолдошунун эмгеги эскерилгенине жакындары бирде ыйласа, бирде уулунун, өмүрлүк жарынын баатырдык көрсөткөнүнө сыймыктанып отурушту. Азыр чек арада шейит кеткен азаматтардын атын алыска, даңкын далайга чыгаруу оюбуз бар. Алардын эрдиги менен кийинки муунду тарбиялоо максатта биздин бирикме шейит кеткен баатырлардын айылындагы мектепке, аскерге даярдоочу сабактын классына атын берип, колдонгон буюмдарын, ал тууралуу маалыматтарды чогултуп, музей ачуу керектигин айтып жатабыз. Буюрса, иш башталып, ачкандар да бар. Анча маани бербей кечиктиргендерди да айталы. Ушул идеяны мектеп директору, аким, айыл өкмөт жапырт колдосок, чек арага чеп болгон жигиттердин эрдиги далай азаматты патриот кылып, мекенин сүйдүрүп тарбиялоого шарт түзүлөт эле.
-- Негизи чек араны “Бөрү” атайын отрядынын кайтарышын талап кылат экен. Кандай артыкчылыктары бар?
-- “Бөрү” атайын отряды окутуудан, машыгуудан өткөн тандалма, өзүнө ишенген жигиттерден турат. “Бөрүдө” эч нерседен жалтанбаган, мекенге коркунуч туулса жанын аябаган, муштумдай жүрөгүнө бүт ааламды батырган, мекен дегенде ичкен ашын жерге койгон, жеке кызыкчылыктан мамлекеттин тынчтыгын жогору койгон, тайманбас, баатыр мүнөз эр жүрөктөр иштейт. Алардын артыкчылыгын байкаган эл да “Бөрүлөргө” таянат. Сөзүм куру болбош үчүн бир нерсени айтып коёюн, Ак-Сайдын эли “Бөрүлөр” чек араны кайтарса, жашайлы, алар кайтарбаса жашабайбыз” деген талап койгон бир кезде. Ошон үчүн “Бөрүлөр” чек араны кайтарып калган.
Баса, өткөндөгү кагылышта “артка чегингиле” дегенге карабай “Бөрүлөр” кашык каны калгыча мекенди коргоду. Жоготуулар болсо да артка чегинишкен жок. Себеби, алар бир кадам жерди да алдыргысы келишпейт. Мекенибиздин жери түгүл, бир ташы да кымбат экенин жакшы түшүнүшөт. Аларда мекендин бүтүндүгүнөн өткөн бакыт жок. Ошон үчүн кандай жагдай болсо да кызматын ак өтөөнү каалашат. Артка чегинишпейт. “Бөрүлөр” чегинбегени үчүн жерибизди толук сактап калдык.
-- Кудайга шүгүр, азыр өлкөбүз тынч, кырдаал туруктуу. Эми мындан ары жоокерлердин өмүрү кыйылган, жайкын жашоочулар жабыркаган кагылыш болбойбу?
-- Бул өтө татаал суроо, азырынча эч нерсе айта албайм. Анткени, эртеңки күндүн эмне болору белгисиз. Кандуу кагылышты каалабасак да, бир эмес, эки жолу кайталанып кетти. Ошондой жагдайды кайра жаратпоонун аракетин көрүп, эки тарап тең тынчтыкты сактап, маселени кагылышуу эмес, сүйлөшүү жолу менен чечкенге аракет кылышы керек. “Күч атасын тааныбайт”, кагылыштан эки тарап тең жоготууга учурайт. Ошон үчүн чагымчылдарга алдырбай, тынчтыктын сакталуусу – аба менен суудай керек. Азыр жаңжал чыгарбай, ызы-чууга алдырбай, бейпилдикти сактап туруунун өзү чоң жетишкендик.
"Азия Ньюс" гезити