Экинчи аял болуп турмушка чыкканыма катуу өкүнүп жатам


Бул менин экинчи турмушум. Биринчи күйөөмөн балам бар. Жашоом да, жумушум да жакшы болчу, эч кимден кем болгон жерим жок эле. Бирок түшүнбөйм, кээде башым айланып, шашылыш чечим кылып койгондой болом. Көпкө чейин турмушка чыкпай жүргөнүм да таасир этти окшойт. Ошентип, экинчи аял болуп турмушка чыктым. Азыр ошого катуу өкүнүп жатам.
Күйөөм жакшы адам. Тирилигине да, бизге да бирдей карайт. Жакында мага өзүнчө үй алып бергени калды. Ичпейт, чекпейт, беш маал намазын окуйт. Келбети да келишкен, көп кыз көз салып жүргөн мырзы. Биринчи аялы оронгон, мени болсо мажбурлабайт: “Убагы келгенде өзүң оронуп каласың” деп коёт. Үйдө тамак жасабайм, көбүнчө сырттан ичебиз. Жумушума алып барып, кайра алып келет.
Турмушка чыга электе баары сонун болчу. Бирок үйлөнгөндөн кийин ага болгон сезимим солгундап калды. Биринчи аялы менен бөлүшкүм келбейт. Өзүм ойлогондой эмес экенин түшүндүм. Балалуу боло элек кезде кетип калайынбы же жашап көрөйүнбү? Билбей кыйналып жүрөм. Эрдин санын көбөйткүм келбейт. Жаштыкка салып алган жаңылыштыгым үчүн өзүмдү жемелеп жатам.
Баардыгыңыздарга бактылуу үй-бүлө каалайм!
Элина











