» Саясат » Казинолордон бюджетке миллиарддар агылбай калдыбы? Өкмөт катуу дуулдаган эле
Казинолордон бюджетке миллиарддар агылбай калдыбы? Өкмөт катуу дуулдаган эле
28-март, 09:00
496 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Былтыр казинолорду ачууну айлап талкуулап, бюджетке миллиарддар агыларын айтышып, катуу дуулдашкан. Өкмөттүн демилгеси ишке ашып, Жогорку Кеңеш колдоп берген. Акыры бийликтин каалоосу максаттуу түрдө башталганы эсибизде. Натыйжада, Садыр Жапаров чет өлкөлүктөр үчүн кумарканалардын иштөөсүнө уруксат берип, кол койгон. Андан бери бир жыл өттү. Баягы убадаланган миллиарддардын бюджетке түшүп атканын уккан жокпуз. Тымтырс. Же мурдагыдай эле көмүскөдө ойнолуп, пайдасы “сол чөнтөккө” кетип атабы? Түшүнүксүз. Эгерде чет өлкөлүк кумарпоздор келбесе, туристтер кызыкпаса, эмнеге анча ала-шала түштүк? Бул боюнча бийликтин тийешелүү тармагынан коомчулукка кабар берип коюшса жакшы болмок. Ар бир көтөрүлгөн демилге, идеялар жерде кала берсе, жакшы эмес да. Мамлекеттик деңгээлдеги башталган иштер жүзөгө ашышы шарт. Туурабы?