Ленара Ниязбекова: “Мамлекеттүүлүк иммунитетин алсыздандырып, эки кадам артты көздөй баратабыз

-- Эгемендүүлүктүн 31 жылында эмнеге жетиштик? Эмне таптык, эмне жоготтук? Кандай ой толгойсуз?
-- Ата-бабаларыбыз кылымдар бою күрөшүп, эңсеп келген эркиндиктин, эркин болуунун даамын таттык. Баасын билгендей болдук. Бирок кадырына жете элекпиз. Мамлекеттин ээси эл экендиги айкын болду. Себеби өз алдынча жашоодо, элдүүлүктү сактоодо эл өз киндигин өзү кесип келе жатат.
Эмнени уттурдук? Эркиндик жолунда көп нерселерге жетиштик, өзүбүздү өзүбүз улут катары кайрадан бир жолу тааный баштадык. Жашоо үчүн күрөштүн жолунда, мамлекетти бекемдөөдө бир топ чоңойдук. Бирок, көп баалуулуктарды жоготуп алдык. Ааламдашуунун агымына улам ыңгайлашып, башкалардын артыкчылыктарынан эмес, кемчиликтеринен мисал ала баштадык. Бир клан кетсе, экинчи клан келип, мамлекеттин мамлекеттүүлүк иммунитетин алсыздандырып, бир кадам алдыга, эки кадам артка көздөй баратабыз.
Эшик-төрүбүз ачылып, туш-туштан муздак шамал согуп, эгемендүүлүк үчүн кабатыр болуп жашап келе жатабыз.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити