Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Саясатта дос жок, далыдан бычак урмай бар экенин Самыйкожо да далилдеди

Саясатта дос жок, далыдан бычак урмай бар экенин Самыйкожо да далилдеди

30-июнь, 09:00
3 396 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өткөн жумада депутаттык комиссия Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча уруксат берди. Бул курамдын арасында Мирлан Самыйкожо да бар экени эл ичинде талкуу жаратты. Кандайча? Эркин, оппозициячыл маанайдагы депутат мындай кадамга кантип барды? Ооба, көп түшүнбөстүктөр, арбын соболдор жаралды. Бирок, бул саясат да. Мирлан Самыйкожо караңгыда байкатпай келип, далыдан бычак урмайдын жаңы үлгүсүн көрсөттү. Ой-пикирлер, позиция сымаптай өзгөрүлүп кетерин далилдеди. Кызык бекен? Эмне үчүн бул көрүнүш күтүүсүз болду? Жогортон буйрук болсо керек. 

А биз реплика ордуна кичине артка кылчаялы. Өткөн парламенттик шайлоо астында Адахан Мадумаров жарышка түшкөн Мирлан Самыйкожого ак жол каалап, колдоо сөзүн айтып, мактап, “тайторуну” сүрөгөндөй эле “саяпкерлик” кылганы эсибизде. Оңой менен Мадумаров бирөөнү мактабайт эле. Бул жагынан сөзгө сараң. Бирок Самыйкожого чечилип, алтын шилекейин чачыратканы ырас. Анан аягын көрүп атасыңарбы? Керек болсо акын да саясаттын чалчыгына батып, кайсы бир деңгээлде бийликтин ырын созуп коё берери ушул беле?.. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер