Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рыскелди МОМБЕКОВ, ЖК депутаты: “Саясаттан четтеп, эс алсамбы, чарбачылык иштер менен алек болсомбу?..”

Рыскелди МОМБЕКОВ, ЖК депутаты: “Саясаттан четтеп, эс алсамбы, чарбачылык иштер менен алек болсомбу?..”

09-ноябрь, 17:15
892 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Рыскелди байке, Текебаевди үйүңүзгө чакырып чай бергениңиз аябай саясатташып, ар кандай ракурста талкууланып жатат. Негизи, саясатчылардын чайлашуусу ушунчалык чоң темабы? 

-- “Ата Мекен” партиясыны лидери Өмүрбек Чиркешович менен фракция лидери Алмамбет Насыркановичке саясаттагы жолум жанаша келатат. Бул кишилер, Дүйшөн Чотонов үчөө тең кырсыкташты. Кырсыктаганы ошол, кылмышка айыпталышып, оор күндөрдү баштан кечиришти. Ошондон биротоло кутулуша элек болсо да, буюрса иштери жакшыруу жолуна түшүп келаткансыйт. Анан бул кишилердин башын куттуктап, чай берип коюу менин парзым да, карызым да эле. Текебаев абактан чыккандан бери ыңгайлуу учуру болбой жүргөн. Сотторуна бара алган жокмун, “мындан да саясат чыгара коюшпасын” деп. Анан Руслан Казакбаев уулун үйлөнткөн тоюнда сүйлөшүп отуруп, “кырсыктап алдыңыздар, башыңыздарды куттуктап коёюн, үйүмдөн келип чай ичип кетиңиздер” деп чыкардым. Туура көрүштү, бош күнүн айтышты. Самоордон чай демдеп берип, даам сыздырып, тапканымды үстөлгө жайып, сыйладым. Чай үстүндө ар кайсы темада баарлаштык, күлдүк, сырдаштык. Болгону ошол. 

-- Кийинки шайлоодо сизди “Ата Мекендин” катарынан барат окшойт” дегендер да болду... 

-- Биз шайлоо жөнүндө сөз деле кылган жокпуз. Айтмакчы, 9 пайыздык босого чек тууралуу ар кимибиз өз пикирлерибизди айттык. Текебаев деле “шайлоого кантип барабыз?” деген сөздүн өзүн айткан жок. Шайлоого убакыт али көп бар. Саясый кырдаал кандай өнүгүп, өзгөрүп кетет – али эч кимге белгисиз. Ошондуктан, шайлоо тууралуу сунуштар да, соодалашуулар да болгон жок (!) деп ишендире алам. Анүстүнө мен азыркыга чейин бир гана паритянын мүчөсүмүн. КСДПнын эң акыркы күндөрүнө чейин болдум. Партиянын келечеги кемип, же кертилип, чекит коюлуп, ал партиянын шайлоого бара албасы чечилип калса гана, мен шайлоого бара турган оюм болсо, анда сунуштар болсо караштырам. Ал эми Текебаев менен ага-ини катары саясый кызматташуу болуп келген, боло берет. 

-- “Кийинки шайлоого барар-барбасым али белгисиз” деп айтып жатасыз, катышпашыңыз да мүмкүнбү?

-- Кийинки шайлоого барар-барбасымды азыртан айтып койгонум туура эмес болуп калат. Анткени, азыр мен депутаттык мөөнөтүмдү аягына чейин өтөп бүтө элекмин. Шайлоолордун эрежеси такталып, бара тургандар сапталып, партиялар катталып, талапкерлер такталгандан кийин, ошого жараша барар-барбасым тууралуу чечим кабыл алам да. Кандай адамдар, кандай кадамдар менен бара турганды азыр сереп кылганга эрте. Чынымды айтсам, кабыргам менен кеңешсем, кийинки шайлоого барбай эле койсомбу, баш тартсамбы (?) деген ой басымдуу болуп жатат.

-- Себеп?

-- Себеп, мен акыркы беш жылдык мөөнөттүн ичинде аябагандай күйөрмандарым көбөйгөндөн кийин душмандарым да арбыды. Алардын таасиринен ооруларым да көбөйдү. Биринчиден, ден соолукту карап, жайбаракат иштесемби дейм. Мен саясатта 20 жылдан бери жүрөм. 2000-жылкы Кара-Буурадагы шайлоолордун ыргагы менен саясатка кирип кетип, ошондон бери чыга албай жүрөм. “Саясаттан четтеп, эс алсамбы, чарбачылык иштер менен алек болсомбу?..” деген ойлор, кыялдар көбүрөөк жетелеп жатат да. 


Дария БАЙКЕЛОВА

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер