Текебаев “Ата Мекендин” таскагын катуулатты. Олигархтар кызыга баштады...
Бийликчил партиялар парламенттик шайлоого карай чечкиндүү түрдө иштерин баштай элек. Азырынча “соодалашуулар” кызуу жүрүп атса керек. Ал эми “Ата Мекен” партиясы облустардан, Бишкек шаарынан да конференциясын өткөрдү. Өмүрбек Текебаев иши сотто болгонуна карабай, саясаттын казанын кайнатып, шайлоо шаңын эртелеп козгоп салды.
Мындан улам “Ата Мекенге” тизмеге кирүүгө олигархтар да кызыга баштаганын эшиттик. Байлар дагы өз жандарынан коркушпай, келечекте оппозициялык духтагы саясый күчтөр колдоого ээ болушарын түшүнө башташтыбы? Аныгында, Текебаев деле булганбаган олигархтар менен алакага барышы күтүлөт, себеби, бул жолку шайлоо 2015-жылдагыга караганда да кымбат болот. “Золотой тизмелер” 500 же 1 миллион долларга чейин чапчышы ыктымал. Учурда көпчүлүк катмар жаркын идеяларга, же курулай убадалардан сырткары, акча тараткандарга да басым жасайт эмеспи? Андыктан, аламанда ар тараптуу “ыкмаларды” колдонгондор алдыга суурулуп чыгышат.
Эң башкысы, бийлик баардык партияларга шанс бериши зарыл. Кай бирин өгөйлөп, “кол балдарды” көтөрмөлөсө аягы чатакка айланышы турган иш. Себеби, көп каражат чачылат, оюн адилесиз болсо, анда калтасын жукартып алгандар элди көтөрүүгө жандалбасташат. Мындай күрөшүү эски эле ыкма дечи, бирок жаңы табылгалар менен да коштолсо...
Aryba.kg