Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Вирус жайылып атса, Бакашева менен Бейшеналиев кайдыгер

Вирус жайылып атса, Бакашева менен Бейшеналиев кайдыгер

14-июнь, 13:51
1 270 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Убагында элге “кул болуп иштеп берем” деп шайланган президент Сооронбай Жээнбеков өткөн жылы апаат каптап, эл чалгы менен чапкандай жыгылып жатканда ыктыярчылар барып, “абал оор болуп жатат” десе, “ыя, ошондойбу? Мен билген жокмун” деп өлүмүш болуп, көрмөксөн-билмексенге салып, арамзаланып жатып, “каргашалуу июлда” элдин шоруна калган. Кыйналган элдин убалы аны узаткан жок... 

Азыркы учурда дүйнө жүзүндө COVID-19 апааты 15 пайызга азайгандыгы айтылууда. Анткени, Батыш, Чыгыш дебей баардык мамлекеттер бул илдет менен катуу күрөшүп, эрежелерди колдонуп, чектөөлөрдү киргизип, ар кандай чараларды көрүп, күрөшүп жатышат. Бирок, Кыргызстанда таажылуу вируска кабылгандар күндөн-күнгө көбөйүп баратат. Кечээ 459 жаран, 29 врач вируска чалдыкты. Демек, өлкөдө санитардык-эпидемиологиялык кырдаал өтө курч бойдон калууда. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аны ойлогон да жок, ал президент Садыр Жапаровду коштоп Түркияда жүрөт. Болбосо, ушундай кыйын учурда министр А.Бейшеналиев күйүп жаткан ишин таштап коюп, чет өлкөгө сапарга чыга турган учурбу? Таажылуу вирус эмнеге тез жайылып жатат? Анткени, өлкөдө ага каршы жетиштүү чаралар көрүлгөн эмес. Республикалык штабдын жетекчиси, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашева китепканадан жаңы келип, өзүнө кандай чарба бөлүнгөнүн деле жакшы аңдап биле элек, министр А.Бейшеналиев болсо “уу коргошун” менен алек болуп жүрдү. Жыйынтыгында реалдуу иштер жасалбагандыктан санитардык-эпидемиологиялык абал оорлоп, вирус тез жайылып, күчөгөндөн күчөп, баардык облустарды каптап баратат. 

Кудай уруп, тоодой убадаларды берип шайланган президент Садыр Жапаров да айткан сөзүн унутуп, Сокенин жолун жолдобосо экен... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер