Акыркы кабарлар
» Коом » Акыркы коңгуроо. 11-классты 61 миң 546 өспүрүм аяктап жатат
Акыркы коңгуроо. 11-классты 61 миң 546 өспүрүм аяктап жатат
25-май, 12:21
651 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Быйыл Кыргызстанда 11-классты 61 миң 546 өспүрүм аяктап жатат. Ал эми 9-классты 103 миң 414 окуучу бүтүрдү. Бул тууралуу билим берүү берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Самат Тоялиев “Азаттыкка” билдирди.
Министрлик коронавирус пандемиясынан улам өлкө аймагында “Акыркы коңгуроо” салтанатын онлайн өткөрүү тууралуу буйрук чыгарган. Бишкектеги айрым муниципалдык жана жеке менчик мектептерде азем гигиеналык эрежелерди сактоо талабы менен уюштурулду.