Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жалкоо илимпоздорду Сүйүнбек Касмамбетов ойгото баштады

Жалкоо илимпоздорду Сүйүнбек Касмамбетов ойгото баштады

04-ноябрь, 19:40
436 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов идеологияны улуттук дөөлөттөр менен айкалыштырып алып баратат. Жакында улуттук илимдер академиясында өткөрүлгөн элдик курултайга даярдык жыйынында да улуттук иденттүүлүк маселесине өзгөчө көңүл буруу менен алдыда өтө турган жыйындын мурдагылардан айырмасы асман менен жердей экенин баса белгиледи. Мамлекеттик катчынын демилгеси менен курултайды өткөрүү боюнча эл менен аймактарда 162 жолугушуулар өткөрүлүп, көйгөйлөр талкууланып, беш илимий конференцияда курултайдын теориялык жана укуктук жагдайлары каралып, үч жолу интеллигенциянын катышуусу менен илимий талкуулар уюштурулуп, “Ата салты, эл наркы” деген ат менен телепрограммалар көрсөтүлүп, негизги өзөгүбүздү талкуулаган 19 берүү өткөрүлгөн. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун дем бергенин мындан билели: өзгөчө ыкшоо болуп, инерттүүлүккө өтүп алган жалкоо илимпоздорду коомдо болуп жаткан окуяларга үн кошууга, курултайга жигердүү катышууга чакырды. Түпкүлүгүндө маани-маңызын, анда карала турган маселелерди элге кеңири жеткирүү зарыл экендигин баса белгиледи. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер