Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » (Сүрөт) Бишкекте депутат Чыныбай Турсунбеков акыркы сапарга узатылды

(Сүрөт) Бишкекте депутат Чыныбай Турсунбеков акыркы сапарга узатылды

07-июль, 13:42
1 296 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 7-июлда Бишкек шаарында акыркы сапарга узатылып жатат. Анын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүндө коюлат.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына маркумдун кесиптештери, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жана башкалар келди.

Ч.Турсунбеков кечээ, 6-июлда 59 жашында пневмония оорусунан улам көз жумду. Анын артында жубайы жана 3 баласы калды.

Ал 2016-2017-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон.


“Баракелде”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер