Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бектур Асанов: “Бийлик эбегейсиз түрдө саясый кризистерге дуушар болууда”

Бектур Асанов: “Бийлик эбегейсиз түрдө саясый кризистерге дуушар болууда”

04-август, 12:16
1 017 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бектур мырза, БДК мүчөсү катары айтсаңыз, бул кыймылдын келечеги барбы же бийлик бир айласын таап тынчытып коёбу?

-- Кыймылдын келечеги абдан кең. Кудай буюрса, биздин кыймылга элибизге аттын кашкасындай таанымал коомдук ишмерлер, саясатчылар, жарандык активисттер, ошону менен катар мамлекеттин келечегине кайдыгер карабаган катардагы карапайым жарандар мүчө болуп кирип атышат. Буюрса, азыркы бийликке альтернативалык сунуш айта ала турган масштабдуу кыймылга айланып калды. Бийлик балким, ар кандай шылтоолор менен бир-эки мүчөсүнүн эбин табаттыр, бирок көпчүлүктү тыйып, тынчыта албайт. 

-- Жеке сизге бийлик тарабынан кысым болгон жокпу?

-- Бийлик тарабынан мага тике эч кандай кысымды байкаганым жок. Бийлик деле туура түшүнүп аткан чыгар. Бул жагы баары ойдогудай.

-- БДКнын кийинки кадамдары кандай болмокчу?

-- БДК Талас жергесине барганда резолюция кабыл алганбыз. Болгон сунуштарды айттык. Бийлик бүгүнкү күндө эбегейсиз түрдө саясый кризиске дуушар болуп атат. Муну элдин баары түшүнүп, көрүп турат. 2005-2009-2010-жылдардагыдай саясый,   экономикалык, социалдык кризистер бизди тооруп калды. Биз ушу каатчылыктардан чыгуу жөнүндө бийликке алдын ала сунуштарды айттык. Ар бир токтолгон маселелер боюнча август айынын аяк чендеринде пикирлерибизди дагы толуктайбыз. Бийлик менен биргеликте каатчылыктан чыгып кетүү жолдорун издеп, ага сунушубузду айтып-дейбиз, конструктивдүү сындарыбыз да болот. Буга бийликтегилер “жок” дебесе керек. Антпесек акыбалыбыз күн сайын эмес, саат сайын оорлошууда. Ийри отуруп түз кеңешип, мамлекетти өнүгүү жолуна салууга ак ниеттен салымыбызды кошууга даярбыз!   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер