Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » АКШ уйгурлар боюнча Кытайды сындады

АКШ уйгурлар боюнча Кытайды сындады

01-октябрь, 15:34
502 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
АКШ Кытай бийлигинин Шинжаңдагы мусулмандарга карата саясатын «өз элин тыптыйпыл жок кылуу аракети» деп баалады. 
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео дүйнө өлкөлөрүнө кайрылып, Бээжиндин талабы менен бозгунда жүргөн уйгурларды Кытайга өткөрүп бербөөгө үндөдү. 
«Биз терроризм менен күрөштө, өзгөчө чет өлкөлүк согушкер-террористтерди жана алардын үй-бүлөлөрүн кайрадан коомго кайтаруу боюнча татаал жана маанилүү иште бирге болушубуз керек. Кошмо штаттары мындай иштерди аткарууга жардам бере алат. Кытайдын Шинжаң аймагында мусулмандарды кармап-камоолору терроризм менен эч кандай байланышы жок. Бул болгону Кытайдын өз элин, мусулмандардын маданиятын жана динин тыптыйпыл жок кылуу аракети. Биз бардык мамлекеттерди Бээжиндин талабы менен уйгурларды Кытайга өткөрүп бербөөгө чакырабыз».
Мындай билдирүүнү Майк Помпео Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун ассамблеясынын алкагында, Борбор Азиянын беш мамлекети – Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен жолуккан учурунда айтты.
Помпеонун билдирүүсүнө Кытайдан тышкы иштер министрлигинин өкүлү Гэн Шуан мындай жооп кайтарды: «Шинжаңдагы көйгөй этностук азчылык, дин же адам укуктарына байланыштуу эмес. Маселе сепаратизм, зомбулук жана терроризм менен күрөшүүдө. Терроризм жана экстремизм менен күрөш сезилерлик жемишин берүүдө. Аймакта үч жылдан бери бир да террордук чабуул болгон жок. Биз АКШны мындай чындыкты кабыл алып, адам укуктарын коргоо шылтоосу менен Кытайдын ички иштерине кийлигишпөөгө чакырабыз» деди ал. 
«Азия Ньюс» гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер