Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таалайбек Байсекеев: “Варикозду дары-дармек менен айыктырууга болбойт”

Таалайбек Байсекеев: “Варикозду дары-дармек менен айыктырууга болбойт”

23-ноябрь, 09:00
1 058 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ар дайым адам жашоосу, өмүр жолу үчүн күрөшүп, ден соолук камында турган саламаттык сактоо министрлигинин башкы хирургу, улуттук госпиталдын кан тамыр бөлүмүнүн башчысы, КР эмгек сиңирген дарыгери, КР саламаттык сактоонун отличниги, кыргыз медицинасынын эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Таалайбек Байсекеев жетектеген бөлүмдүн дарыгер-медайымдары кан тамыр оорулары боюнча кайрылган жүздөгөн адамдарды айыктырып келишүүдө. Маектешүүнүн алдында бир көйгөйдү эске салалы: 2006-жылга чейин кан тамыр ооруларын дарылоого эң керектүү германиялык ангиограф аппараты бар болчу, кийин ал иштен чыгып, пайдаланууга мүмкүнчүлүк болбой калган. Бирок өз кесибинин устаттары “аппарат жок” деп алакан жайып отурбастан, ооруга чалдыккандарды күнү бүгүнкүгө чейин бай тажрыйбалары менен дарылап келишүүдө. Негизи ангиограф аппараты менен бөлүмдү камсыз кылуу жогорку бийлик өкүлдөрүнүн милдети экендигин баса белгилеп кетишибиз керек.


-- Таалайбек мырза, кийинки убакта варикоз оорусу кеңири жайылып, жашарып бараткандай. Адам бул ооруга чалдыгып калса, айыктыруунун кандай жолдору бар?

-- “Варикоз” – грек тилинен которгондо “кеңейүү” дегенди билдирип, веналык кан тамырлардын кеңейип кетишин түшүндүрөт. Варикозго кабылган адамдын кан тамырлары жана анын капиллярлары шишип, көгөрүп чыгып, оорунун белгилерин көрсөтөт. Варикозду дары-дармек менен айыктырууга болбойт. Андан операция жолу менен гана арылууга мүмкүн. Операция убагында жабыркаган гана аймак кесилип, кесилген учтары ички кан тамырга туташтырылып коюлат. Тери астындагы кан тамыр аркылуу денедеги кандын 15-20%ы гана өтөт, ал эми негизги бөлүгү ички кан тамыр аркылуу жүрөт. Андыктан операцияларды ийгиликтүү жасап жүрүшкөн биздин дарыгерлерден камсаноонун зарылчылыгы жок.

-- Варикоз оорусунда тромб көп кездешет экен. Тромбду кандай түшүнсөк болот?

-- “Тромб” – бул уюган кан. Ал көпчүлүк учурда варикозго чалдыккан кан тамырда болот. Эгерде кан тамырда тромб пайда болсо, ал жылып отуруп өпкөгө келип такалат. Андагы тешикчелердин бирин жаап калган шартта тез жардамга муктаж болуп, кийин акылынан адашып, же майып болуп калышы мүмкүн. Тромбдун диаметри канчалык чоң болсо, ал ошончолук коркунучтуу. Ошондуктан варикоз пайда болору менен тийиштүү дарыгерлерге кайрылып, оорунун алдын алуу – бейтаптын өзүнүн ден соолугуна кам көрүүсү дегендикке жатат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер