Гүлзат Аалиева: «Диний армия мамлекеттин туруктуулугуна коркунуч жаратууда»
Философия илимдеринин кандидаты, доцент, Манас таануучу менен маек.
-- Арыбаңыз, Гүлзат айым! Акыркы кездери ар кандай оор кылмыштарга сакалчандар менен хиджабчандар айыпталып атышат го? Буга эмне дейсиз?
-- Бар болуңуз! Ооба, саясый эгемендик алып, бирок идеологиябыз бош калган акыркы отуз жылда бүтүндөй бир муунду жоготтук. Билимди эмес, мечит десе эт-бетинен кеткен жаштардын армиясы пайда болду. «Ширк» дегенден башкага акылы жетпеген ээрчиме сакалчандар менен хиджабчандар өсүп жетилди. Дал ошолор тарабынан коомдук коопсуздукка коркунучтуу каралган оор кылмыштар өнөкөттүү түрдө жасалып жатканын мен буга чейин деле тынбай жазып да, айтып да келгем. Аны жалпы журт деле көрүп-билип, түшүнүп калышты.
-- Кечээги бийликти басып алууга ниет кылган куралчан топ тууралуу пикириңиз кандай?
-- «Ыйман» деген терминге жамынып, ашепке ыплас иштерди жасаган нарксыздар коомго толуп кетти. Ошол диний армия бүгүн минтип бийликти басып алууга даяр, тишине чейин куралданган кооптуу кылмыштуу топту түзүп, мамлекеттик бийликтин туруктуулугуна коркунуч жаратып жатат.
Айтмакчы, мындан 10-15 жыл илгери сырттан каржыланган «Ыйман» фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков светтик Кыргызстандын аскер бөлүктөрү, милиция, прокуратура, сот органдары, күч түзүмдөрү сыяктуу мамлекеттик өтө стратегиялуу мекемелердин эшигин тээп кирип, ал жерде иштеген кызматкерлерди намазга жапырт жыгып, баарын хор менен «иншаллах», «машаллах» дедиртип, радикалдуу идеяларга сугарып койгон. Анын натыйжасы катары өлкө аймагына халифат курууну самаган диний радикалдарга каршы чыккан мекенчил инсандарды баш көтөргүс кылып оозун жаап, аларды дүңүнөн соттук куугунтукка алуу этабын баштан кечирдик.
Кечээ бийликти басып алуу ниетинде жүргөн куралдуу топ кармалды. Ал топтун ичинде башкы прокурордун экс-орун басарынын болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Демек, диний радикалдарга каршы чыккан мекенчил инсандарды баш көтөргүс кылып оозун жаап, аларды дүңүнөн соттук куугунтукка алуу процессин башкы прокуратуранын мурдагы орун басары сыяктуу бийик даражалуу мамлекеттик кызматкер (балким, кызматкерлер) канатына калкалап жүргөнү жана «Ыйман» фонду менен анын жетекчиси Нуржигит Кадырбеков өз максаттарына жеткени дагы бир жолу тастыкталды.
-- Ооба, коом үчүн коркунучтуу окуялар көз алдыбыздан чубалууда. Кайда баратабыз?
-- Илгери өзүм 48 саатка камалып, анан үй камагына чыкканда, бүгүн камакка алынган башкы прокурордун мурдагы орун басарына барып, аны менен жолугуп, «элибизди бири-бирине каршы тукуруп, кыргызды кырчылдаштырып жоготууну көздөгөн диний радикализм күч алды. Эне тилибизди, улуттук өзөгүбүздү сактайлы. «Таблиги жамааттын» ажырагыс атрибуту саналган даават деген нерсе илгери бабаларыбыз кабыл алган ханафий мазхабда болгон эмес. Коңшу өлкөлөрдүн баарында да жок. Алар «Таблиги жамаат» уюмуна соттун чечими менен тыюу салышкан. Сырткы геосаясый күчтөр «разделяй и властвуй» деген принципке таянса, кыргыздар «бөлүнгөндү бөрү жейт» деген көрөгөч сөздү айтышкан эмеспи. Ошондуктан, кошуна өлкөлөр менен да, ШОСко кирген мамлекеттер менен да элибиз ынтымактуу жашап, улуттук жана коомдук коопсуздук сакталыш үчүн диний көз карашыбыз бирдей болушу шарт. «Таблиги жамаат» сыяктуу радикалдуу диний агымдарды жапкыла!» десем, «Альхамдулиллях, биз мусулманбыз. Сиз бул уюмдар тууралуу туура эмес пикирде экенсиз. Биз бул уюмдарды жаба албайбыз» деп башкы прокурордун экс-орун басары мени кабинетинен чыгарып койгон. Ошол мырза бүгүн бийликти басып алууну көздөгөн сакалчан динчилердин тобунун курамында эң негизги уюштуруучулардын бири катары кармалып жатат.
-- Эми эмне кылабыз?
-- Буга чейин мекенчил жарандарды соттук куугунтукка алдырып келген радикал динчилер бүгүн бийликти басып алууга ниет кылган куралдуу топко чейин өсүп жетилди. Демек, мамлекеттик бийлик тараптан мыйзамдуу жана терең ойлонулган, терең талданган (анализденген) стратегиялык кадамдар жасалышы керек.
-- Мисалы?
-- Биринчиден, дин тутуу эркиндиги мыйзамын талкуулоого жалгыз гана Египет, Пакистан сыяктуу радикал диндердин очогу болгон мамлекеттерден билим алып келген молдолор эмес, Кыргызстанда расмий каттоодон өткөн баардык конфессиялар менен катар эле Манас таануу, кыргыз таануу жаатында жүргөн илимпоздор да милдеттүү түрдө катышышы керек.
Экинчиден, радикалдуу диндин хиджаб, шалвар сыяктуу атрибуттары менен «иншаллах», «машаллах» сыяктуу диний арабизмдерди белгилүү дин таратуучулар, өнөрпоздор, спортчулар тарабынан пропагандалоого тыюу салуу керек.
Үчүнчүдөн, Конституция болбосо да, тийешелүү мыйзам актыларына «Диний тараптар көрсөткөн сунуштар, чечимдер, көрсөтмөлөр, демилгелер, идеялар светтик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана кыргыз улутунун баалуулуктарына каршы келбеши шарт, улуттук иденттүүлүктүн сакталышына тоскоолдуктарды жаратпоосу абзел» деп жазып коюу зарыл.