Мээримди кучактап, анын астында тумчугуп жатсам деле кайыл элем...


(Мээрим Жуманазаровага!)
Жакында эле балбан кыздарыбыз дүйнөлүк мелдештен чоң ийгилик жаратышты. Анын бирөө Мээрим Жуманазарова өз салмагындагы баардык кыздардын далысын килемге тийгизип, дүйнө чемпиону болду. Мына ошондон бери Мээримге болгон сүйүүм, жактыруу сезимим күчөгөндөн күчөп баратат. Күндүзү эл менен аралашып, алаксып тим болом. Кеч киргени жанымды коёрго жер таппай кетем. Дос балдарыма айткандан заарканам, алар түшүнүшмөк беле? Кайра шылдыңдашат да. “Келинчегиң балбан кыз болсо, баш көтөрүп сүйлөй албай, эркин жүрө албайсың. Бирдеме дейин деп келатканыңда сени так көтөрүп чаап, “үйдө отур” дегенде шалпыйып кир жууп, тамак бышырып отуруп каласың!” дешет. А чын-чынында Мээримге жагыш үчүн, анын сүйүктүү жубайы болуш үчүн айткан-дегендердин баарына макул элем. Мээримди кучактап, анын астында тумчугуп жатсам деле кайыл элем...
Ильяс, Бишкек
"Азия Ньюс" гезити











