Бабанов коёндой жалтаңдап жүрүүдөн намыстанып, баш көтөрүүгө белсендиби?
Болот Шердин көзү өткөндөн кийин ага карата замандаштары жогорку деңгээлде баа беришип, баатыр, эр жүрөк катары сыпатташты. Чындыгында эле маркум агабыз оппозицияда жүргөндө эрдиктерди жасап, Каркыранын казактарга кетишине каршы чыгып, 2008-жылы Түптө Бакиевдердин ОБОНдору менен мушташып, айбатын көрсөткөн. 2010-жылы 6-апрелде Таласты көтөрүп, таамай баатыр экенин далилдеп, революциянын баштоочусу катары тарыхта калды... Дал ушунун баарын сыдыргыдан өткөрүп, бушайман жеген Өмүрбек Бабанов үйүндө коркуп жатканына намыстаныптыр. Келечек муун астында жүзү жарык болуш үчүн тайманбастык, эрдиктер керек да. Ушул жааттан Бабанов аксап, кара башын калкалап, коёндой жалтаңдап жүргөнүнө өзү да ызаланып, жакында чечкиндүү кадам таштай турганын эшиттик. Август айында баш көтөрөбү?..
"Азия Ньюс" гезити