Мирлан Самыйкожо, ЖК депутаты: “Баткен баатырлары жөнүндө чоң чыгармаларды жазабыз”

-- Мирлан мырза, бүгүн кыргыз-тажик чек ара келишимин ратификациялоо учурунда сиз баатырлардын эрдигин баалоо боюнча жакшы демилгени көтөрдүңүз го?
-- Мен “эмгектери, эрдиги унутулбасын” деп ошол жердеги элди айттым. «Мергенчилерге кол чаап койгула» дедим. Ага чейин чек ара маселесин чечкен бийликке, комиссия мүчөлөрүнө алакандар шапылдады. А мен элге кол чаптырдым. Анткени, биз 2022-жылы ошол жерге барып көргөнбүз. Самаркандекте жаттык. Мен ошон үчүн баса белгилеп айттым, эл төшүн тосуп коргоп берди. Ошол жердеги жаш балдар, жоокерлер мекен, мамлекеттин тынчтыгы үчүн өздөрүнүн жанын курман кылышты. Элдин арасынан канча мергенчи окко учту?! А жердеги чекте тургандар унутулбасын. Ата Мекен Баатыры наамы берилиши керек буларга. Алар биздин мамлекет үчүн өтө чоң эрдик жасаган инсандар. Жапжаш, 18-20дагы аскерлер жандарын оозуна тиштеп, автоматты көтөрүп-көтөрө албай атышып жүрүштү. Эскилигинен автоматтар атылбай калган учурлар болду. Мергенчилер элди сыртка чыгарып жиберишип, баласы менен атасы бирдей атышып жүргөндөрүн көрдүк. Ошолорго мамлекет тарабынан Ата Мекен Баатыры наамы берилсин! Алар эч качан унутулбашына биз жардам берүүгө тийишпиз.
-- Баатырларды өлбөс кылуунун бир жолу – алардын эрдигин даңктаган чыгармаларды жаратуу эмеспи, акын, чыгармачыл адам катары сиз өзүңүз да буга катышасызбы?
-- Ооба. Камчыбек Кыдыршаевич айтпадыбы, “баатырлар тууралуу чыгармалар жазылып, кинолор тартылышы керек” деп. Мен ага кошулам, өзүм да толук кандуу катышам. Алардын ар бири боюнча чоң чыгармалар жазылышы керек.
"Азия Ньюс" гезити