Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Россия менен Кытайдын аскердик машыгуусу Батышты чочутууда

Россия менен Кытайдын аскердик машыгуусу Батышты чочутууда

30-август, 11:42
507 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Россия менен Кытайдын аскердик кызматташуусу АКШ менен Евробиримдиктин тынчын алууда. 

Эске салсак, 1-7-сентябрь аралыгында Россия аскердик машыгууларды өткөрүп, ага Кытай дагы катышат.

Сурамжылоо жүргүзгөн эксперттер эки өлкөнүн ортосундагы интеграциянын өнүгүшү дүйнөлүк тартипке чакырык таштап жатканын айтышкан.

Европа кеңешинде коопсуздук жаатындагы адис Ульрике Франке Кытай менен Россия өз ара союз түзүп калса, ал геостратегиялык чакырык болуп саналарын белгилеген. Кытай таануу институтунун адиси Елена Легарада Франкенин оюна толугу менен кошулат.

"Кытай-Россия мамилеси Батыш мамлекеттерине чакырык. Эки мамлекет позициясын бекемдеп, глобалдуу тартиптин идеяларын жайылтууда", — деген саясат таануучу.

Аскердик эксперт Вольфганг Рихтер Кытай менен Россиянын ортосунда формалдуу аскердик альянс жок экенин айтып, бирок эки өлкөнү АКШ баштаган мамлекеттердин үстөмдүк кылууга умтулуусу бириктирип жатканын кошумчалаган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер