Медеткан Шеримкулов: “Бүгүнкү парламент, андагы депутаттар легитимдүү”
Легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов агабыз менен тар чөйрөдө кезигип калдык. Баскан-турганы тың, кеби оозунда аксакалга болгону бир суроо берип, жообун алдым.
-- Медеткан ага, азыркы 6-чакырылыштын депутаттары легитимдүүбү, чыгарган мыйзамдары жарактуубу?
-- Азыркы Жогорку Кеңештеги парламенттин 6-чакырылышы, андагы депутаттар легитимдүү. Алардын мөөнөтү узарганынын себеби бар. Чечимди кабыл алууга парламент эл менен макулдашып, Кыргызстанда бийлик бутактары туура иштеп турушу үчүн кабыл алынган. Бул парламенттин өзүнүн чечими. Себеби, ал убакта президент да, өкмөт да жок болуп калды. Мамлекет бийликсиз калды. Канчалык парламенттин атына сын-пикирлер айтылбасын, бийлик бутагынын негизги мыйзам чыгаруучу органы катары иштеп турганы туура деп эсептейм. Кыргыз Республикасынын эгемен алган 30 жылдын ичинде мындай окуя болгон эмес. Бул дагы өлкөбүздөгү түзүлгөн саясый, экономикалык кырдаалдын негизинен келип чыкты. Мөөнөтүн узартып алган парламент саясый каатчылык болуп турган кезде элге канчалык деңгээлде пайдасын тийгизет – ал башка кеп. Аларга саясый баа берүү эл тарабынан болсун.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити