Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Легендарлуу парламенттин» легендарлуу төрагасы

«Легендарлуу парламенттин» легендарлуу төрагасы

25-октябрь, 19:14
2 448 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биз союз мезгилинде окуп, калыптанып калгандар 80-жылдардын орто ченинен карай кандайдыр бир көңүл калгандык, келечекке бүдөмүктөп, коммунизмдин бийик идеалдары бизди  анча ишендире бербей, идеологияны тейлеген (Москвадан) адамдардын сүйлөгөн сөздөрүнөн, жазган макала-эмгектеринен жаңычылдыкты күтчүбүз. Ошол кезде «Литературная газета» деген гезитти бүт интеллигенция жантыгынан жата калып окушчу. Анткени ушул гезитте коомдун өсүп-өнүгүшү жөнүндө ар түрдүү талаш-тартыштар, көйгөйлүү маселелер басылып турар эле. Өлкөбүздө идеологияны тейлеген бөлүмдө (республиканын партия комитетинде) Медеткан Шеримкуловдун сүйлөгөн сөздөрү жана жазгандары биздин көңүлүбүздү бурчу, б.а. мен теңдүүлөр Медеткан Шеримкуловду ушундан баштап биле баштадык.

Менин баамымда жашы бир топ жогорулап калганда тарых факультетине кирип, аны кызыл диплом менен бүтүрүшү, анан аспирантураны ошол кездеги (азыр деле) өтө абройлуу МГУда бүтүп диссертация коргошу, коомдук процесске, андагы өзгөрүүлөргө өзгөчө кароого калыптанып калган көз карашка башкачараак ой жүгүртүүгө түртсө керек. Себеби, биз бүткөн тарых факультетинде официалдуу идеологиядан башкачараак ойлонгон студенттердин да чоң тобу болор эле, экинчиден,  МГУда да мугалимдердин кайсы бир тобу жана Балтика боюнан келген стажер-аспиранттардын дээрлик бардыгы эле «советтик саясаттын көп жактары туура эмес» деп угузуп-угузбай айтып жүрүшчү. Ошолордун таасириби, же өзү изилдеген кандидаттык диссертациясынын темасы «буржуазиялык мамлекеттик машинанын ирип-чириши менен аягы сөзсүз социалисттик революцияга алып келет» деген жобосуна өзү да анча ишенбесе керек. Себеби, «дүйнөдөгү баардык мамлекеттерде эртеби-кечпи социализм орнойт» дегенге өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарына карай дээрлик ишенбей  калган элек.

Бирок ошентсе да тыкылдаган тың жигитти КМУда окутуучулукта көпкө кармашпай, тез эле партиянын Борбордук комитетине (азыркыча президенттин аппаратына) алып кетишет. Ал жерде катардагы кызматчыдан бөлүм башчыга чейин тез көтөрүлөт. Эми азыр биз анын аки-чүкүсүн билбейбиз, Медеткан Шеримкулов Турдакун Усубалиевге эмне жагынан жакпай калганы белгисиз, аны тез эле дене тарбия институтуна ректор кылып айдап жиберди. Мүмкүн чейрек кылым республиканы жетектеген кыраакы киши болочоктогу өзүнүн орун басарын көрдүбү?..  Кийин Абсамат Масалиевдин тушунда тез эле идеологияны тейлеген катчы, б.а. республикадагы экинин бири болуп калды.

Ал кезең боюнча академик Абдыганы Эркебаев жакында чыккан китебинде «Медеткан Шеримкулов Борбордук комитеттин катчыларынан жана А.Масалиевдин өзүнөн да өзгөчө табият берген тактык, сезимталдык жана ийкемдүүлүгү менен айырмаланып, кырдаалга так анализ жасап, анын дагы кандай вариантта өрчүшүн алдын ала алган» деп белгилейт. Чындыгында 80-жылдардын аягында, 90-жылдардын башында Кыргызстанда жана СССРде бир топ чоң өзгөрүүлөр жана чыр-чатактар болду. Мына ушул кезде М.Шеримкуловдун адамдык, саясый жана ири жетекчи катары чыныгы жүзүн көрдүк. Биздин али да эсибизде, тажик-кыргыз чек арасындагы жаңжалдар, Кыргызстандагы алгачкы демократиялык кыймылдын өкүлдөрү менен тил табышуусу, анан аягы келип 90-жылдагы Оштогу көйгөйлүү окуяны тынчтандырууда ачык көрүндү. Акыйкаттык үчүн ушул жерде баса белгилей кетейин, Оштогу кайгылуу окуя боюнча жогорку эшелондогу партиялык жетекчилик күнөөлүү, ошонун ичинде мен дагы бармын, ошондуктан «келгиле бүт командабыз менен отставкага кетели» деп чыккан жалгыз жетекчи болгон. Кыргызстандын соңку жаңы тарыхына тыкыр көз салып жүргөндөр эле эмес жалпы эле Кыргызстандын эли билген дагы бир окуяны эскере кетейин. 

Азыр президенттик орунга аттуу-баштуусу деле, элдин арасында кадыр-баркы бары-жогу деле, молдо-сопусу деле, иши кылып жок эле дегенде жүзгө жакын кандидаттар чыгат. Жогорку Кеңеште алгачкы президенттик шайлоодо түндүк-түштүккө бирдей абройлуу депутаттардын арасында да таасири күчтүү Медеткан Шеримкуловдун кандидатурасын сунуш кылышканда, «Ош окуясы боюнча биздин моралдык укугубуз жок» деп кандидатурасын алып салат. Бул деген кийинки саясатчыларга үлгү боло турган көрүнүш. Айрыкча М.Шеримкуловдун жылдызы А.Масалиев отставкага кеткенден кийин альтернативалык түрдө Жогорку Кеңештин төрагасы болуп (анда легендарлуу боло элек эле) шайлангандан кийин жанды. Мына ушул жылдары Кыргыз мамлекетинде да, жеке М.Шеримкуловдун тагдырында да жүздөгөн, а мүмкүн миңдеген жылдарда бир келе турган тарыхый кырдаал түзүлдү. Бул «кокустукту» М.Шеримкулов жазгырбай пайдалана алды, анткени бул жылдарга карата ал инсан катары да, жетик саясатчы катары да, негизгиси, демократиялык көрөңгөсү сөөгүнө сиңген, ал эми мамлекеттик түзүлүш боюнча илимий потенциясы чоң адам экенин көрсөтө алды. (Мен бул жерде кандидаттык диссертациясынын темасын да кыйытып  жатам). Демек, М.Шеримкулов «зарыл мезгилде, керектүү жерде пайда болду» десек болот. 

Мына ушул жылдары ал КМШ мамлекеттеринин парламенттеринин спикерлеринин эле эмес, президенттердин арасында да чоң абройлуу инсанга айланды. Бирок ага чейин  эле (Кыргызстан эркиндик алганга чейин эле) республика ичиндеги, Бишкектин тегерегиндеги жер маселеси боюнча чыр-чатактарды жайгарууда, ошондой эле Оштогу трагедияны токтотуу, ага реалдуу баа берүүдө, жаңыланууга бет бурган, радикалдуу маанайдагы жаштар менен тил табышууда жана башка курч кырдаалдарда өзүнүн ийкемдүүлүгү, алардын муң-зарларын угуп, чечүү жолдорун чогуу издешип, М.Шеримкулов коомдук пикирде жакшы жагынан гана сыпатталып калган.

Чынын айтыш керек, азербайжан менен армяндар ортосундагы Карабах боюнча жаңжалды токтотууда М.Шеримкуловдун ролу азыркыга чейин кеңири коомчулукта анча деле бааланбай келет. Анткени алгач Акаев атайылап эле бул окуянын маанисин басаңдатып, «көз жаздымда» калтырып келди. Ошондуктан жалпы эл бул акциянын көптөгөн нюанстарын жакшы биле бербейт. Ал эми чындыгында каршылашкан тараптарды бир столго отургузуп мунасага келтирүү, документке кол койдуруу өтө чоң талантты жана абройду калап кылган. Болбосо, бул жаңжалды токтотууга эмне деген дөө-шаарлар аракет жасашпады? Эсиңиздерде болсо керек, Нурсултан Назарбаев да атайын барып кандайдыр бир элдештиргендей болгон. Менин эсимде калганы – аларды элдештирип кайра учарда аэропорттон журналисттердин чоң тобу Н.Назарбаевден «сиз чоң иш жасадыңыз, азыр Алматыга учуп жатасыз, самолетто сиз армян коньягын ичесизби, же азербайжан коньягын ичесизби?» деп сурашканда, Назарбаев кичине буйдала түшүп, «мен орус арагын ичем» дейт эмеспи. Бирок, кийин деле бул жаңжал көпкө басылбайт.

Шеримкуловдун тикеден-тике демилгеси менен КМШ мамлекет аралык ассамблеясы түзүлөт. Мына ушул ассамблеянын алкагында Тажикстандагы жана Тоолуу Карабахтагы жаңжалдар биротоло токтойт. Айрыкча «Бишкек протоколу» деген документтин 12-май 1994-жылы Бишкекте кабыл алынышына Шеримкуловдун ролу чоң болгон. Бул акция ошол кезде Шеримкуловдун эле эмес жалпы Кыргызстандын, анын парламентинин аброюн дүйнөгө таанытты. Демек, Тажикстандагы чыр-чатакты токтотууда Тоолуу Карабахтагы жаңжалды элдештирүүсү, ички чыр-чатактарды жайгарышы, ошондой эле азыркыга чейин ийгиликтүү жана жемиштүү иштеп келе жаткан КМШ мамлекеттер ортосундагы парламенттик ассамблеянын түзүүдөгү ролу жөнүндө айрым илимий эмгектерди жазса болот. Бул үчүн биз сыймыктанышыбыз керек.

Ал эми ички саясатыбызда: президенттик постту киргизүү жана тунгуч президентти шайлоо, мамлекеттин суверенитети жөнүндөгү декларацияны кабыл алуу, эгемен Кыргызстандагы биринчи Конституциясын кабыл алуу, улуттук валюта – сомдун киргизилиши, мамлекетибиздин символдору: герб, гимн, тууну кабыл алуу, борбордун атын которуу, алгачкы мыйзамдарды жана мамлекеттер жана эл аралык келишимдерди ратификациялоо ж.б. ондогон тагдыр чеччү документтердин кабыл алынышы биз каалайбызбы-каалабайбызбы, Медеткан Шеримкуловдун аты менен байланыштуу. Болбосо элестетип көрүңүз, демократия деген жин боштондукка чыгып,  Москвадагы Верховный Советтин сессияларын эртеден кечке телевизордон көрүп, Балтика боюндагы өлкөлөрдөн келген депутаттарды туурап Сахаровдун сөзүн угуп калган биздин окумал интеллигенция: К.Бобулов, К.Акматов, М.Байжиев, А.Эркебаев, Ж.Акималиев, Б.Осмонов, Ж.Сааданбеков ж.б. баш болгон анан 300дөй сүрмө топ билсе-билбесе, түшүнсө-түшүнбөсө деле ызы-чуу чыгарып, толкуган парламентти камырдан кыл сууругандай бир нукка буруп, каалаган, мамлекет үчүн керектүү документтерди кабыл алууда М.Шеримкуловдун партиялык, мамлекеттик, коомдук иштердеги чоң тажрыйбасы жана табият берген уюштуруучулук шык жөндөмү ачык көрүндү. 

Мына, Шеримкуловдун чоң саясаттан, спикерликтен кеткенине чейрек кылым болуп калса да, анын аты, анын фамилиясы такай эл оозунда. Болбосо, биз билебиз да, көп эле саясый фигура «жарк» этип чыгат да, ошол бойдон жакындарынын эле эсинде, же архив барактарында калат. Ушуларды жазып жатканымда А.Собчактын «Хождение во власть» деген китеби эске түшөт. Демократиянын шарданы менен айрым адамдар баш айланткан тездик менен депутат, министр, вице-министр болу, эртеси эле иштен түшүп калат. Бийлик наркотик сыяктуу: бир жолу анын даамын татып калган адам дагы ошого жетем деп өмүр бою аракет кылып, же бул дүйнөдөн өтүп кетет. Ал эми едеткан Шеримкуловдун жогоруда айтылгандай ири кызматтан кеткенине ондогон жылдар өтсө да кыргыз коомчулугунда анын аброю азыркы аракеттеги ири чиновниктерден өйдө болсо өйдө, бирок төмөн эмес. Эмне үчүн? Анткени мамлекеттин алгачкы фундаментин койгон, тагдыр чеччү тарыхый документтерди кабыл алган, кыргыз мамлекети канча жашаса ошончо убакыт Медеткан Шеримкуловдун персонасы ооздон түшпөй, тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калды.

Эми Медеткан Шеримкуловдун саясый портретин чөп башылап айтып жатып, анын илимий иштери жөнүндө айтпай кетсем кичине тузу кем болуп калчудай. Анүстүнө ага менин моралдык укугум бар, анткени Шеримкулов парламентаризм жөнүндө жазган докторлук диссертациясын Алматыда мен мүчө болгон илимий кеңеште өтө жогорку деңгээлде коргогон. М.Шеримкуловдон кийин Казакстандын К.Бурханов, И.Тасмагамбетов, Н.Кушербаев жана бир топ министр, депутаттары, анан бизден Ж.Сааданбеков да ушул илимий кеңештен докторлук диссертацияларын коргошкон. 

Шеримкуловдун калемине таандык «Парламент независимого Кыргызстана», «Парламент за мир», «Мезгил жана эл тараза» деген орусча-кыргызча китептери бизде эле эмес парламентаризмге жаңы баш бурган КМШ мамлекеттеринде да үлгү боло турган китептер. Диссертациясы баш болгон илимий жааттагы иштери өзүнчө жана өзгөчө сөз кылууга арзыйт, бирок азыр сөз бул жөнүндө эмес. Ал эми дипломатиялык ишкердигин адис дипломаттар аңыз кылып айтып жүрүшөт. Бул да башка тема.

Сөздүн ток этерин айтканда, Медеткан Шеримкуловдун жасаган иштери мезгил бизден алыстаган сайын анын нарк-насили улам даана көрүнүп, баа-баркы улам өсүп, алтынды дат баспагандай улам жаркырап, бизге жол көрсөтүп келет. Мына көпчүлүк сыйлаган агабыз да эч билинбестен 80 жашты жылоолоп калыптыр. Орустарда «өз өлкөсүндө пайгамбар жок» деп коюшат, кыргыздарда «өз агасын агалай албаган...» дейт. Демек, КМШ мамлекеттерине да аттын кашкасындай таанымал, өзүбүздө Бакайдай болуп азыркыга чейин кеп-кеңешин айтып, мамлекетибиздин өсүп өнүгүшү үчүн тынымсыз кам көрүп келген Медеткан Шеримкуловго Кыргыз Эл Баатырын берсе куп эле жарашат. Урматтуу президентибиз Сооронбай Жээнбеков да эгемен Кыргызстандын биринчи чакырылыштагы эл өкүлдөр жыйынын депутаты катары парламентти легендарлуу деген наамга жеткирген легендарлуу парламенттин легендарлуу төрагасын алыстан эмес жакындан билет болушу керек. Жакында эле көздөрү өтүп кеткен С.Ибраимовго жана Т.Кулатовго баатырлыктын берилишин коомчулук жакшы кабыл алды (менин позициям башкачараак болчу).  Ал эми коомдук пикирде менин оюмча Медеткан Шеримкуловдун жалпы иштеринин акыбети саясатта, илимде, дипломатияда ж.б. эл арасындагы бийик аброю, баатырлык алууга төп келет деп ойлойм. Болбосо, азыр айрым маалымат булактарында чоң кызматтарда болгон, бирок артында көп сөз ээрчиген инсандардын чоң тобунда «баатырлыкты мага бер, ага бер» дегендей маалыматтар жүрөт. Бул жагынан Шеримкулов Кыргызстандагы саналуу гана  таза инсандардын бири,  муну коомчулук жакшы билет.

Медеткан Шеримкулов кайсы бир маегинде «улам жаш улгайган сайын идеал туткандарың деле аздай берет экен» дегендей болду эле. Туура айтасыз Медеткан Шеримкулович, азыр өзүңүз миңдеген жаштарга идеал болуп калдыңыз. 80 жаш сизге кеп бекем, сиз азыр тапталып табына келип турган аргымактайсыз, өзүңүз жазып жүргөндөй 90 жашында мамлекетине ат көтөргүс кызмат өтөгөн тарыхый инсандар бар, сиз мына ушул инсандардын когортасына киресиз. Урматтуу Медеткан ага, ушул  басыгыңыздан жазбаңыз!


Жолборс ЖОРОБЕКОВ, саясый илимдеринин доктору, профессор

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер