Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскар Бешимов: “Тышкы саясый күчтөр биздеги кырдаалды түшүнбөй жатышат”

Аскар Бешимов: “Тышкы саясый күчтөр биздеги кырдаалды түшүнбөй жатышат”

02-ноябрь, 09:33
759 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Аскар мырза, Кыргызстанга каражат жагынан жардам берүүдө чет мамлекеттер, БУУ ж.б. чет элдик уюмдар блокада кылып атышканы тууралуу түшүндүрмө берип кетесизби?

-- Азыр көп өлкөлөр жең ичиненби, же ачыкпы, айтор, Кыргызстанда эмне болуп атканын түшүнбөй атышат. Алар эле эмес, биз өзүбүз түшүнбөй келебиз. Анан алар кайдан билмек эле? Ошондуктан акчаны кимге беришти, эмне себептен – бул биринчи маселе. Ал эми экинчи маселе – буга чейинки алынган акчалар бар, пандемия учурунда. Алардын отчетун биз бере элекпиз, каякка жумшалганы боюнча. Россия, БУУ, ЕАЭБдин грант каражаттарын айтып атам. Алар бизден жооп күтүп атышат. А биз ынанымдуу жооп таба албай атабыз. Мыйзамдык талаага келбесек да “Жол картасын” иштеп чыгып, “бул иштерди кылабыз, тиги иштерди жасап баштадык” деген нерсе жок болуп атпайбы! А президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровду көрүп атабыз, бүгүн мындай, эртеси тигиндей, үчүнчү күнү таптакыр башканы айтып атат. Аны эч ким түшүнбөй калды. Түшүнүктүү бир жолго түшкөндө гана башка мамлекеттер бизди таанып башайт. Бирок, биз менен мындан ары сүйлөшөбү-сүйлөшпөйбү, ал бир чоң маселе болот. Ал биздин аракеттерибизге, кадамдарыбызга жараша. 

-- Ушундай учурларда башка мамлекеттер менен сөзгө келүү, ынандырууда  кандайдыр бир дипломатиялык жолдор барбы?

-- Дипломатиялык жолдор бар. Биринчи иретте тышкы иштер министрлиги алар менен көпүрө түзүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш керек. Бирок, мен тышкы иштер министрин да түшүнүп атам. Алар менен эмне жөнүндө сүйлөшүштү билбей атат. Алардан бир эле “акча бергиле, бизди тааныгыла” дегенде, алар “бу силер кайсы жакка кетип атасыңар? Бүгүн бирди жарыя кылсаңар, эртең башка билдирүү кыласыңар. Силерде деги эмне болуп атат? Багытыңар кайсы тарапта?” дегенде эле жооп бере албай отуруп калабыз... 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер