Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 11-классты жоюп, 10 жылдык окутууну кайрадан киргизсе, элибиз алкыш айтмак!

11-классты жоюп, 10 жылдык окутууну кайрадан киргизсе, элибиз алкыш айтмак!

16-май, 09:00
313 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Мына эми буюрса өлкөбүз оң жолго түштү” деген мезгилде теңирден тескери көрүнүштөр пайда болууда. Кайсы бир тармактын башына келген министр “атым чыксын” дегениби, сөзсүз бир жаңылык киргизүүгө шашылат. Анысы коомго жагабы, мамлекетке, анын экономикасына, карапайым калкыбыздын жашоо турмушуна залакасы тийбейби (?) деген ойлор ошол жетекчини жана анын тегерегиндегилерди түйшөлтпөйт окшобойбу...

Алсак, 12 жылдык билим берүү системасына өтүүгө кирише башташты. Отуз жылдан бери мурункуну чанып, Батыш өлкөлөрүнүн, Соростун жана болондук окутуу системасына ыктап, бирок аны деле толук өздөштүрүп кете алган жокпуз. Эми ошол толгон-токой көйгөйү бар, ашмалтайы чыккан тармакка жүрөк ооруткан дагы бир көйгөй кошулду. Коомчулуктун пикирин угуп койбостон жогорку жетекчилердин башын айландырган азыркы министр Догдуркүл Кендирбаева айым өтө калпыс, келечеги жок билим берүү системасын түзүүгө бел байлап алды десем жаңылышпайм. Эгерде он эки жылдык окуу системасы пайдалуу боло турган болсо, алыскы жана жакынкы коңшу өлкөлөр, анын ичинде Россия, Беларусь биринчилерден болуп өтүшмөк. 

Өлкөбүздүн социалдык-экономикалык баардык тармактарында оптималдаштыруу жолдору менен реформалар жүргүзүлүп жаткан учурда 12 жылдык эмес, 11-классты жоюп, 10 жылдык окутууну кайрадан киргизсе, урматтуу министрибизге элибиз алкышын айтып, ыраазы гана болмок. Тескерисинче, ашыкча түйшүк, көйгөйлөрдү жаратып койду. “Кайсы дүйнөлүк тажрыйбага таянып, кайсы усул, программа менен ким окутат? Ошондой мугалимдерибиз даярбы?” деген көптөгөн суроолор жаралат. 1-класска 5 же 6 жаштагы балдар барышын эч ким туура көрбөйт, алар бала бакчада тарбияланышып, кошумча камкордукка муктаж. Өз убагында уктап, өз убагында тамактанууга тийиш. Ойнотууга убакыт бөлүү керек. Мектептеги класстык бөлмөлөр, аларга ылайык дааратканалар, кол жуугучтары, бойлоруна жараша парта, отургучтар менен камсыз кылуу зарыл. Бирок, андай даярдыктар азыр бизде жок экендигине толук ишенели. Аларды окуткан мугалим бала бакчадагы тарбиячы менен бала багуучунун милдетин кошо аткарабы? Заара кылдырып, көчүгүн аарчып, керек болсо жууш керек болгондо, ал жумушту ким аткарат? Сабак өтпөй эле ушундай нерселер менен алектенеби? 5-6 жаштагы балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өзгөчө маселе жаралат. Аларга үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүү зарыл. Айтор, айта берсек сөз көп. Кыскасын айтканда, “эсиң барда этегиңди жап” демекчи, элибизге, мамлекетибизге моралдык жана материалдык эбегейсиз чыгымдарды алып келе турган, кереги жок маселени эртерээк токтотуу зарыл. Андан көрө министр айым 30 жылдан бери муктаж болуп келген окуу китептеринин сапаттуулугун арттырып, жетиштүү нускада басмадан чыгартып, камсыз кылуу жагын, саны бар сапаты жок 64 ЖОЖду эки эсеге кыскартууну ишке ашырса чоң жумуш аткарат эле. Мынчалык көп ЖОЖдорго калкыбыз муктаж эмес. Союз учурунда өлкөбүздө 9 эле ЖОЖ болгон. Анда элибиздин саны 3,5 миллион адам эле. Азыр эки эсеге көбөйдүк. Демек, окуу жайлардын саны деле эби менен эки эсеге көбөйсө толук жетишмек. Окуу жайлардын кыскарышы менен үнөмдөлгөн каражатты санына эмес, окутуунун сапаттуулугуна жумшоо максатка ылайык да.

Дагы бир маселеге министрликтин көңүлүн бургум келет. Кыргыз тилин өркүндөтүү, анын статусун бийик деңгээлге жеткирүү боюнча иш алпаруусу талаптагыдай болбой жаткандыгы сезилет. Борбор шаарыбыздагы бала бакча, мектеп, окуу жайларда окутуу-тарбиялоо иш-чаралары кыргыз тилинде 80% жүргүзүлөт (!) дегени менен жаштардын арасында башка улуттун өкүлү жок, жалаң кыргыздар расмий (орус) тилде сүйлөп жатканын көрүп, намысыңа келип кыжырданасың, зээниң кейийт. Эркиндик жана Жаш Гвардия гүлбагында тамтуң баскан баладан баштап, пенсия жашындагы кыргыздар үй-бүлөсү менен көгүчкөндөргө жем чачып сейилдешет. Алар бири-бири менен орусча-кыргызча аралаштырып сүйлөшөт. Эне тилинен бир да сөз билбеген жаш балдарды көрүп жүрөбүз. Баардык коомдук жайларда мындай көрүнүштөр арбын кездешет. Ушундан улам “Кыргыз тили жөнүндө мыйзам” жеткиликтүү аткарылбай жаткандыгына карата зарыл чаралар көрүлүүгө тийиш. Натыйжалуу ийгиликтерге жетишүү үчүн эң биринчи кезекте кыргыз тилин үйрөнүүчүлөр үчүн тайпаларды ачууну жайылтуу, керектүү усулдук колдонмолор менен камсыз кылуу, окутуучу кадрларды тандоо, бала бакча, мектеп жана окуу жайларда сабактын сапатына көзөмөлдү күчөтүү, тайпадан тайпага, класстан класска, курстан курска көчүрүү экзамендерине кыргыз тилин сөзсүз киргизүү, орус тилиндеги окуу жайларында кыргыз тилинен сыноолорду өткөрүүнү жайылтуу керек. Мындай иш-чаралар толук кандуу иш жүзүнө ашырылса гана кыргызча суроо берсең орусча жооп берген “киргиздердин” саны балким азаят беле?..


Исламбек Ткмиралиев, Тоң району  
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер