Акыркы кабарлар
21:02
» Коом » Эки адам мерт болду. Кочкордогу үрөй учурган кырсык
Эки адам мерт болду. Кочкордогу үрөй учурган кырсык
06-декабрь, 12:02

Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунда катталган жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кырсык кан жолдун Семиз-Бел айылында катталган. Анда BMW үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кетип, бакты сүзгөн. Кырсыктан бир эркек жана бир аял кишинин каза болгону айтылды. Көз жумгандардын аты-жөнү такталууда.
Куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн унаадан чыгарып, ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жерине төрт куткаруучу, ИИМ кызматы жана “тез жардам” кызматы тартылган.