Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Садыр Жапаров Жетим-Тоону иштетип, Нарын облусун жакырчылыктан арылтсын!”

“Садыр Жапаров Жетим-Тоону иштетип, Нарын облусун жакырчылыктан арылтсын!”

11-август, 12:15
1 893 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда ири темир кени Жетим-Тоону иштетүү боюнча талкуу күчөдү. Өлкөдөгү экономикалык-социалдык абалы эң артта калган Нарын облусунда жайгашкан кен Нарынды гана эмес, Кыргызстанды саздан чыгара турганы айтылып келет. Кумтөр кенин кыргыз бийлиги өзү иштеткенине бир жылдан ашты. Жетим-Тоо темир кенин дагы кыргыз өкмөтү өзү иштеткени турат. Бирок бул кенди иштетүүгө каршылар дагы бар. Алар негизинен Садыр Жапаровдун бийлигине эмне болсо дагы каршы чыгып келгендер. Бирок алар Жетим-Тоону иштетпей Нарын облусун өнүктүрүүнүн жолун айта алышпайт. Дегенибиз, Нарында абал чынында эле кейиштүү. Мисалы, облустун дүң продукциясы республиканын ички дүң өндүрүмүнө 2,4% гана түзөт. Бул эми Чүй же Ош облусундагы бир айыл өкмөттүн үлүшү эмеспи? 

Улуттук статистика комитеттин маалыматына ылайык, жакырчылык боюнча Нарын облусу биринчи орунда. Теңиртоолуктардын 39% жакырчылыкта жашайт. 53 773 адам пенсия курагындагылар. Көпчүлүгү “бийик тоолуу” деген ченем менен башка региондордон жогору алышат. Мугалимдердики дагы ошондой. Айыл-кыштактардын 20% али күнчө таза суу менен камсыз боло элек. Облус боюнча 22 бала бакча, 14 мектеп жетишпейт. Балдардын 38% гана бала-бакчага барат. 

Мындай мышык ыйлаган абалды жакшы билген Нарындын тыңчыкма уул-кыздары Жетим-Тоонун иштетилишин, Кыргызстанга салым кошушун колдоп жатышат. 

Президент Садыр Жапаров бийликке келсе, Жетим-Тоону иштетерин шайлоо учурунда эле айткан. Ал“Жетим-Тоону өзүбүз казабыз” деген. Нарын районунунда Жапаров эң жогорку добушту дагы алган. Андыктан президент шайлоодогу убадасына туруп, Жетим-Тоо кенин иштетип, нарындыктарды жакырлыктан сууруп чыгышы керек...

Төлөгөн Сулайманов, Кочкор районунун атуулу:

-- Кыргызстан эле эмес, дүйнө жүзү жакынкы он жылдыкта күтүлбөгөндөй кризиске дуушар болорун билермандар кан какшап келишет. Бизде экономикалык маселени саясатка ороп көнүп калганбыз. Бийликке ким келбесин, оппозиция-позиция дебей келечекте Жетим Тоону ачканга мажбур болот. Бул экономикалык зарылдык. Азыркы бийликтин мен колдогон анча популярдуу эмес үч демилгеси бар. Биринчиси Жетим Тоо. Экинчиси – казино. Үчүнчүсү – электр энергиясына тарифти көтөрүү. Биз, ар бир жаран бул үч маселени терең карашыбыз керек. Жетим Тоо жумушсуздукту жоюп, бюджетке кабелтең киреше алып келиши керек. Ошол эле учурда экологиялык нормалар так сакталсын. Мен азыркы бийликтегилердин «дакансачысы» эмесмин, болгум да келбейт. Бирок, реалдуу турмуш ушуну көргөзүп жатат. Бул үч маселе популярдуу эмес, коомдун сынына кабыла турган ой-пикир. Тилекке каршы, турмуш чындыгы ушундай. Курулай популизм курсак тойгузбайт, жалган саясаттын тегерегинде жүрө беребиз. Бул боюнча Садыр Жапаров, Акылбек Жапаровдун так позициясын күтүшүбүз керек. Коомдук пикирден коркуп, «жүрө береличи» десе өздөрүнүн келечегине балта чабат...

Сурат Жылкычиев, журналист:

-- Эгемендик алган 31 жыл ичинде элибиз көрбөгөндү көрдү, жебегенди жеди. Эгемен аталган менен жадагалса өз жерибизге ээлик боло албадык. Албетте, күчтүү экономист эмесмин. Ошентсе да Жетим-Тоо кени боюнча өз оюмду айтайын. Ток этери, Жетим-Тоону өзүбүз казалы. Алсыраган экономикага өбөлгө болсун! Мен муну Кумтөрдү менчигибизге алгандан кийин ишенимдүү түрдө айтып атам. Көч бара-бара түзөлөт. Коркпойлу. Анан жанагы “Жетим-Тоого тийбейбиз” деген мен сыйлаган патриот жарандарыбызга сабыр тилеп, ачуу сөзүңөрдү тишиңердин артына ката тургула демекчимин! Биз качанкыга чейин башка элдин көзүн карап, алакан жайып, карыз сурай беребиз? Эгер Жетим-Тоону иштеткенге мүмкүнчүлүк берсек, жергиликтүү эл жумуш менен камсыз болот. Дотациядан чыгуу маселеси каралат ж.б.

Тынчтыкбек Алтымышев, Ат-Башы районунун кулуну:

-- Нарында абал жыргап кеткидей деле эмес. Облус аянты жагынан эң чоң болгону менен дээрлик толугу менен дотацияда, башкача айтканда, бюджетке бергенинен алганы көп болуп келе жатат. Негизинен мал чарбачылыгы менен алектенишет, бул тармакка да ишенип болбойт. Малдын көптүгүнөн жайлоо-кыштоолор эрозияга учурап, жайыт талаш басылбай келе жатат. Анын үстүнө кыргызда атадан калган “байдын малы бир жуттук” деген кеп бар. Туризм багыты да облус боюнча чектелүү жана сезондук киреше катары каралат. Жылдын төрт мезгилинде тең Нарында турист күтө албайсың, суук, кар оор түшөт, жолдор жыртык, тайгак, туристтерди кышында жылуу кабыл алып, узата турган Каракол сыяктуу кышкы туризм базасы жок. 

Саясат – бул шайлоодон шайлоого чейин, ал эми экономикалык өнүгүү узак мөөнөттүү процесс. Өлкөнүн кызыкчылыгын, аймактардагы унаалар "аттап" калган тарпы чыккан жолдорду, тирөөч менен турган шайы кеткен мектептерди, сайдан суу ичип отурган элдерди, массалык жумушсуздукту, ишкердикке идеясы бар, бирок, иш баштарга тыйыны жок жаштарды, кредиттин сазына баткан карапайым калкты да бир ойлоп коёлу. 

Эркежан Исакова, Нарын шаарынын тургуну:

-- Бая күнтөн карап отурсам, шакылдатып Нарындын атынан сөз сүйлөп, чала патриот болуп, калп эле элге күйүмүш болгондор, "саясый упай" топтогусу келген пиарчылар ар нерсени сүйлөп жатышат. Ошол аймакта жашап, шаарга кетип калбай, элге, жерге кызмат кылайын (!) деп жүргөн адам катары мен айтып берейин. Эми мындай, Нарындын шарты катаал экенин айтпасам да жакшы билесиңер. Өткөн жаз айларында Нарын шаарын, Нарын, Кочкор, Жумгал, Ак-Талаа райондорунда бир долбоордун алкагында айыл чарба, жер иштетүү, жумушсуздук, сугат жана ичүүчү таза суу тууралуу мониторинг жүргүздүк. Көйгөй окшош эле, жерге арпа, буудай сепсе өзүнүкүн алат экен, ал эми чөпкө келгенде элдин маанайы түшүп кетип атты. Кайдан актамак эле? Сөзсүз мал сатышат, кайра тоют камдамай, жер иштетүү деле пайдасыз болуп калды. Ушундай көйгөйлөрдү айткан, каңырыгы түтөгөн аталарды, байкелерди кезиктирдим. Сугат суу, үлүш жердин жетишсиздиги өзүнчө маселе... Жумушсуздук боюнча алсак, дээрлик ар бир үйдө миграцияда бир-экиден адам бар экен. Көпчүлүгү Россияда,Европа өлкөлөрүнө да бара башташыптыр... Анан ар кайсы бузукунун сөзү менен “кенди казбагыла” деп өпкөңөр үзүлгүчө өкүрөсүңөр.Мен макулмун, кенди каза беришсин, өкмөт өзү казса, макул болбой кайда барабыз, же башка вариантыңар барбы?

Мирбек Асаналиев, Жумгал районунун тургуну:

-- Жетим-Тоо темирдин кору. “Жетим-Тоону өүбүз иштетебиз, миңдеген жумуш орундары түзүлөт, кен байлыктарыбыздан түшкөн пайда 100% кыргыз элиники болот” деп өлкө башчы Садыр Жапаров шайлоого аттанганда айткан эле. “Жетим-Тоону иштетпейбиз” дегендерге таң калам, эй! Темирди сүрсүтүп не кылабыз?  Мамлекет иштетип, элдин жашоосун оңдосун да. Болду эми убакыт келди. Биринчи Нарында жашап көргүлөчү, жөнү жок каршы болгондор. Кыргызстандын 95% тоолуу аймак. Бир тоосу биринен кооз, биринен ашат. Бирок кен бар тоолор казылыш керек. Нарын облусу Кыргызстандагы тоолуу эң чоң облус. Бирок ичиндеги беш району тең дотацияда отурат. Жумушсуздук 90%, ишканалар жок, жолдор бузулган, социалдык, экономикалык абал жакшы эмес. Ажо айткандай кыргыз эли иштетет. Мекенге иштейт. Өлкө жана өкмөт башчынын саясатын колдойлу.

Тилекмат Шейшенбаев, Ак-Сай жайлоосундагы малчы:

-- Менин атым Тилекмат. Бала кезимден тартып Аксай жайлоосунда мал багам. Айылдагылардын ичинен жумушу бар саналуу адамдын бири менмин. Калганы бекерчи. Кечке ордо ойношот... Бирок малдын азабы арбын. Беш балам бар. Мал багып жыргап кеткен кишини көргөн жокмун. Күнүмдүк оокаттан ашпайт. Мал баккандан башка дагы иш кылганды билем. Мисалы, сварка мени көргөндө ыйлап жиберет. Бирок иштейин десем жумуш жок. Эки жыл мурун “Ат-Башыда логистикалык борбор салынат” дегенде сүйүнгөм. Ал дагы салынбай калды. Эми Жетим-Тоо кени казылса иштейм да. Бирок ага дагы Бишкекте жатып алып каршы чыккандар бар экен. Ошолор тынч эле жашагылачы. Бизге жумуш керек.

Жазгүл Ибраева, блогер:

-- Жетим-Тоонун лицензиясы100 пайыз мамлекеттин колунда экен. Инвесторду аралаштырбастан эле мамлекет өз күчү менен иштетүүгө күчү жетет. 500 жылга жеткидей темирдин запасы бар, мүмкүн экономикалык каатчылыктан чыгарып кетчү бирден-бир булактыр... Билип-билбей, кен казылбасын (!) деген пикирди айтуудан мурда, Жетим-Тоо боюнча кеңири маалымат топтошубуз керек экен.  Кыргызстан өзүндөгү кен байлыктарын иштете албай, качанкыга чейин карызга батып, башка өлкөлөрдүн эшигин кагып жүрө бермек эле? Ойлонуп көрөлү, кенди биз каза албасак, эртеңки муун деле иштетип, мамлекетке пайда алып келчү күн келет!

Сыргак Бактыяров, Нарын облусунун кулуну:

-- Мен колдойм. Ата-бабалар “келечектеги муунга карата кен байлыктарыбызды калтырган” дейбиз го. Ошо келечек бүгүн болбосо качан? Логистикалык борборду болсо казактар алып кетти. “Ат-Башыга салынат” деп уу-дуу түшкөн маалда митинг кылышып, аны казактар каржылашты. Себеби бизге эмес, аларга салынганы пайда болчу. Дал ошол сыяктуу эле кошуна кээ бир мамлекеттер Жетим-Тоонун иштетилишине каршы чыгышат. Себеби аларда да темир кен запастары бар. Бизден темир чыкса, алардыкы арзандайт же иштетилбей калат. Кыскасы Садыр Жапаров, Акылбек Жапаров, Камчыбек Ташиев жерди чукуса дагы элди байытыш керек.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер