Күйөөм молдо болгону сабап намаз окутат... Динчилдер зөөкүр болушабы?
Мен турмушка кеч чыктым. 29 жашымда. Күйөөм өзүмдөн 12 жаш улуу. Башында жакшы эле көрүп тийгем, өнөрү кийин чыкты. Көп жылдардан бери ичет экен. Кыжырды келтирген күндөрдү баштан кечирип, жашай бердим... Арадан 5 жыл өттү. Катары менен 2 уул төрөдүм. Күйөөм арагын азайтып, мечитке бара баштады. Сүйүндүм. Жарым жылдан ашканда динге аябай берилип кетти. Түнү тургузуп, кыйнап намаз окутчу болду. Же мен анысын түшүнбөйм. Арак ичпеген күйөөм ачуусу чукул болуп, кагып-силкет, кээде колу тийе баштады. Динге каршы сөз айтсам эле баса калып, сабап салат. Узун көйнөк кийип, жоолук салынам. Айлам кетип жүрөт. “Өлтүрүп коебу?” деп корком. Андан көрө арак ичип жүргөндө менин көзүмдү карап, өзүн күнөөлүү сезчү. Намазга берилгени мүнөзү өзгөрүп, коркунучтуу боло баштады. Динчилдердин баары эле ушундайбы? Зөөкүр болушабы? Аялдарды кордой беришеби?..
Салима
Aryba.kg