Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Бакетаев: “Столыпиндин ыкмасына түшсө, Садыр Жапаров адашпайт”

Бакыт Бакетаев: “Столыпиндин ыкмасына түшсө, Садыр Жапаров адашпайт”

22-октябрь, 16:10
1 061 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаевдин жөнөкөй, бирок олуттуу кеңеши окурмандарды кайдыгер калтырбаса керек. Баам салып көрөлү.


-- Мамлекет башындагы Садыр Жапаров кошоматчы чиновниктердин барымтасында калуу коркунучу жокпу? Кандай кеңеш берет элеңиз?

-- Садыр Жапаровдун социалдык тармактагы баракчасы аркылуу группалаштарына, классташтарына кайрылганын окуп калдым. “Мамлекеттин жумушу менен алектенип жатам, кийин жолугабыз” дегендей кылыптыр. Бул өтө туура эмес нерсе, мамлекеттин башындагы адамдын катачылыгы. Мурдагы президенттер дагы классташ, группалаш сыяктуу элдин ар кайсы катмарынын өкүлдөрү болгон тааныштары менен мамилесин үзүп, байланышын токтотуп койгону үчүн жөнөкөй чындыкты тааныбай калышкан. Алар бир гана аппаратындагы адамдардын айтканын угушту. А аппараттагылар эч убакта акыйкатты, ачуу чындыкты айтышпайт. Мен Садыр Нургожоевичке ушуну айтат элем, эч убакта калктын катмарындагы эзелки тааныштарыңыз менен кол үзбөңүз. Алар менен жолугуп, баарлашкан сайын чындыкты көрөсүз, угасыз, билесиз. Бул мамлекеттик ишмер катары ката кетирүүдөн сизди сактайт. Россиянын тарыхта калган премьер-министри Столыпин классташтары, группалаштары менен дайыма жолугуп, алардын пикирин, көз карашын, акыл-насаатын угуп турчу экен. Мына, ошондуктан эл ичиндеги чындыкты билип, Россиянын экономикасын эң бийик деңгээлге көтөргөн, андай бийиктик орус тарыхында башка болгон эмес.


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер