Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Игорь Шестаков: «Сервер бузулганга чейин «Бүтүн Кыргызстан» менен «Азаттык» жакшы эле добуш алышкан»

Игорь Шестаков: «Сервер бузулганга чейин «Бүтүн Кыргызстан» менен «Азаттык» жакшы эле добуш алышкан»

06-декабрь, 17:36
1 149 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Дээрлик үч чоң райондо добуш берүү жокко чыкты, бул эмнеден кабар берет? Элдин аң-сезиминин ойгонушубу же маданияттуулугубу?

-- Кыргызстандагы баардык парламенттик шайлоолордун тарыхында болуп көрбөгөндөй шайлоочулардын төмөн катышуусундагы процесске күбөбүз. Менимче, буга бир канча себеп бар, талапкерлер менен партиялар үгүт иштерин активдүү жүргүзүшкөн жок. Өзүм добуш берген Биринчи Май райондун мисалында айта турган болсом, бир манадаттуу округдан ат салышкан 7 талапкердин ичинен эки-үчөөсү эле кичине активдүү боло алышты. Ал эми 21 партиядан бир дагы үгүт жасаган топту көргөн жокмун. Бишкек боюнча абал ушундай кабылданды. Талапкерлер былтыркы окуядан улам этияттап иш алып барды го. Анткени 2020-жылы жарнамага көп каражат жумшалып, жыйынтыгында шайлоо жокко чыккан болчу. Бул саам алар каражаттарын короткулары келбеди. «Добуш сатып алуу таптакыр болгон жок» дегенден алысмын, себеби, бизде ансыз шайлоо өтпөйт. Кандайдыр бир деңгээлде орун алды. 

-- Алдыңкы үч орунду мурда белгилүү болгон, жаңы түзүлгөн партиялар илип кетишти. Бул күмөндүү ойго түртүп жатканын билдирип жатышат...

-- Бул жерде жөнөкөй мисал келтирсек болот, аталган партиялар быйыл эки ирет өткөн жергиликтүү кеңештердин шайлоолоруна катышышкан. Парламенттик шайлоого келүүдө алгач жергиликтүү деңгээлде өзүн таанытуу ийгиликтүү практика. Кайсы партиялар жергиликтүү шайлоолордо жеңишке жетишсе, алардын Жогорку Кеңешке келиши толук мүмкүн да. Алардын электораты, шайлоо кампанияларын жүргүзүү боюнча схемалары болот. Бирок өлкөдөгү социалдык, экономикалык оор абалды эске алсак, оппозициялык маанайдагы партияларда бу саам шанс өтө чоң болгон. Буга чейин эле «Бүтүн Кыргызстандын» мүмкүнчүлүгү бар экенин айтып келгем. БШКнын сервериндеги мандемге чейинки картина чындыкка жакын болгон деп эсептейм. Биринчи Май, Свердлов райондорундагы абал жарандардын каршы маанайын билдирет, ошол эле учурда өзүнүн талапкерлерин алып келүүгө кызыкдар патиялардын оюну болушу ыктымал. 

-- Добуштарды кол менен саноо баштагы жыйынтыктан айрмаланабы?

-- Таасир этет деп ойлойм. Анткени былтыр добуш саноонун башында 4 партия алдыга чыккан, кийин митинг башталып, кол менен саноо болору айтылганда, цифралар өзгөрүп баштаган. «Мекенчил» менен «Бүтүн Кыргызстан» партиялары босого чекти басып өтүп калган жыйынтыкты көрсөтүшкөн. Ошондуктан сервер бузулганга чейинки абалды ала турган болсок, «Бүтүн Кыргызстан» менен «Азаттык» жакшы эле добуш алышкан. Себеби, «Эл үмүтү» сервер бузулганга чейинки эсепте жок болчу. Бирок, кол менен саноо утулган партиялардын өкүлдөрү тастыктаганда гана эске алынып, жарактуу катары эсептелинет. 

-- Айрым талапкерлер кайрадан шайлоо болушун талап кылып жатышат го?

-- Эгерде БШКга добуштарды кайрадан санап, жыйынтык чыгарууга убакыт берген партиялар кайрадан шайлоо болушун талап кылышса, эгер алардын артында чынында эле көптөгөн электорат турса, анда балким өтөт. Ошол эле учурда жеңишке жеткен партиялардын артындагы шайлоочуларды дагы эстен чыгарбашыбыз керек. Мында ким көпчүлүк тарапта же азчылык жакта болорун түшүнүү маанилүү. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер