Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Мамытканов: “Жыл сайын муздаткычтарды алууга, логистикалык борборлорду ачууга миллиарддар керек”

Бакыт Мамытканов: “Жыл сайын муздаткычтарды алууга, логистикалык борборлорду ачууга миллиарддар керек”

09-август, 12:00
368 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Азыркы айыл чарба министри боюнча көп сын-пикирлер айтылууда. Эксперт катары алып барып жаткан иштери, ишмердүүлүгү тууралуу пикириңизди уксак?

-- Көп эле министрлер менен иштештим. Көбүнө ар кандай сунуштар менен кайрылып да көрдүм. Так айтканда, төрт министрге сунуштар менен кайрылдым. Азыркы министр жаңы токтом чыгарарда сөзсүз түрдө фермерлер менен жолугуп, кеңеш сурайт. Мисалы, “Кыргызстанга кирип жаткан малга НДСтин кереги жок. Ошол НДСти алып бериңиз” деп кат жүзүндө кайрылганыбыз. Кайрылганда дароо эле ишке ашырды. “Мындан мамлекет жабыр тартпайт” деп баарын көргөзүп бергенбиз. “Кредитти минималдуу пайыз менен бербесеңер болбойт” деп бир жыйында маселе көтөрүп, анын ичинде кат жүзүндө да кайрылганбыз. “Аны да чечебиз” деген. Буюрса дыйкандар 6% менен кредит алып жатышат. Көптөн бери мындай иштер болгон эмес эле. 

Эксперт катары белгилеп айтып коёюн, көйгөйлөрдү түшүнүп, оперативдүү иштей турган министр жок. Министр болуу үчүн команда менен келүү шарт. Бул кишинин өзүнүн чарбасы бар экен. Өзү иш билсе, айыл чарбада иштеп байыса, элди да байыта алат. Көбүнчө соодада жүрүп, анан мамлекеттик кызматта отуруп калгандар кимисине болсо да алдана берет. 

Президент деле “диалогго ачыкпыз, айткыла” деп жатат. Элдин баары угуп коё берет, бирок аны аткаруу, жүзөгө ашыруу кыйын. Бул киши оперативдүү аткарып жатат. 

-- Өрүк боюнча сындарга кандай ойдосуз?

-- Ошол өрүктүн ичинде менин да өрүгүм бар. Айыл чарба министрлигинин жардамы – кайра иштетүүчү ишканаларды иштеткенге аз пайыздагы кредиттерди бергенге жардамдашуу. Быйыл өрүк көп болду. Эмки жылы алма көп болушу мүмкүн. Өрүк азыр 10-15 сомго түшүп жатат. Кайра эки айдан кийин эле баасы 50 сомго чыгат. Министрлик кайра иштете турган ишканаларды, муздаткычтарды, логистикалык борборлорду курууга каражат таап берүүгө көмөктөшүүсү зарыл. Ошенткенде гана жылыш болот. Азыр бизде логистикалык борборлор, муздаткычтар жок. Ошондуктан жыл сайын муздаткычтарды алууга, логистикалык борборлорду ачууга 10 млрд. сомдой сарптап турса, беш-он жылдын ичинде оңолуп кетебиз. 

Бизде союз учурунда 37 миң гектар жерде гана алма бак болгон. Жаңы план менен алма, өрүк массалык түрдө тигилип, түшүм берип баштаса, айыл чарба министрлиги бак тигилген канча жери бар экенин тактап, анан ошого жараша муздаткыч, логистикалык борборлорду ачканга маалымат берип туруусу зарыл. Жатып алып эле “өрүк өтпөй калды” деп кейигендердин бир түп да өрүгү жок. Мисалы, менин 700 түптөй алмурутум, 800 түп алча, 1000 түп өрүгүм бар. Мага айыл чарба министрлигинин жардамы – көйгөйүмдү өкмөткө жеткирип, ыңгайлуу шарт түзүп берүүсүндө. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер