Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Бишкекке пайдасыз троллейбустар Ошко кантип пайдалуу болот?”

-- Исхак Абсаматович, өткөндө транспорт комитетинин отурумунда Ош шаарына троллейбустарды сатып алуу демилгесин колдобой койдуңуздар. Анын себеби эмнеде?
-- Кызык болуп атпайбы. Бишкек шарынан бошогон жүз троллейбус Ошко жиберилди. Ошол эле мезгилде 15 миллион еврого жакын кредит алып, дагы троллейбус сатып алабыз деп атышат. Грант менен кошкондо 23 миллион евро болот экен. Анан биз таңкалдык да, “силерге 100 троллейбус берип атсак, дагы эмнеге кредит алып жатасыңар? Ошол 100 троллейбусту иштетип албайсыңарбы?” дедик. Айтор, түшүнбөй калдык да. Бул жерде бизнеспи же кандай?.. Алар “биз Деподо турабыз, ремонт базасын курабыз” деп айтышты. Бирок, келишимде ал жазылган эмес да. Айтор, бир топ суроо туудурду. Балким жакшыдыр, бирок аткарылышы бир аз чийкирээк болуп калды.
-- Бирок, каржы министринин орун басары “ал акчага троллейбус эмес, электробус сатып алынат” деп айтпадыбы?
-- Болушу мүмкүн. Бирок, келишимде “троллейбус” деп жазылып турат да. Мен ошону айтып, “келишимде так жазгыла” дедим. Кагаз даярдаганда сапаттуу даярдаш керек. Анан Бишкектин мэри “троллейбустун кереги жок, ал экономикалык жактан пайдасыз” деп айтып атса, Оштун вице-мэри келип, “аябай пайдалуу” дегени кандай? Улугбек туура айтты, ал жакта эмне башка калк жашайбы? Оозуңа май, пайдалуу эле болсун! Бирок, анда Бишкек мэриясынын сөзүнүн калпы чыгып калып атпайбы...
Керим Мурас