Миталип Мамытов, КР Эл Баатыры, академик: Садыр Жапаровдун үлгүлүү президент болоруна ишенем
Бул макалада менин айтайын дегеним такыр башка нукта, башка багытта болгону турат. Эгемендүүлүктүн салтанатына арналып көк бөрү (улак тартыш) оюну болду. Мен өзүм күйөрмандардын так ортосунда отуруп күбө болгонума сыймыктандым. Эл өтө көп чогулуптур. Атайын орундуктар (25 миңдей) толуп, ашып, жалпы элдин саны 45-50 миңдей эле болду окшойт. Ошол чогулган элдин майрамдык маанайын көрүп, кыйкырык менен кошо анча-мынча сөздөрүн угуп, кээ бир улак тартыштын эпизоддоруна жараша элдин эмоциялдуу реакция кыймыл-кыйкырыктарын байкап, өтө кубанып отурдум. Алдымда мынчалык көп элдин чогулганын, улуттун улуулугун өз көзүм менен көрүп, кубанып турдум. Жандүйнөм жыргап, жүрөгүм толкунданып, кулагым кубанып, оюм ойноп, тилим сайрагысы келип турду. Ушундай абалда мага өзүнөн өзү учкул ойлор, тентек сөздөр келип-кетип турду. Себеп дегенде, көк бөрү ойногондор кээ бир убакта эрежени бузгандай, калыс-судьялар адилеттүү болбогондой нерселер мезгил-мезгили менен байкалгандыктан, элдин нааразычылыгы, оюнчулардын, калыстардын пикир келишпегендиги күчөгөндөн-күчөй берип, терс көрүнүштөргө күбө болдум. Элдин нааразычылыгын күч органдары көзөмөлдөп турбаганда, оюндан от чыкканга аз калды. Кээ бир адамдардан (тайпа күйөрмандары) бирин-бири көралбагандай кеп кетти, кыйкырык менен коштолгон уяттуу сөз кетти, ыргытылган таш кетти, урайын деген муш кетти.
Ошол оюндан менин байкаганым: улуттук оюнга улутубуздун кызыкчылыгы, күйөрмандыгы өтө бийик экендиги, бирок көргөндөн рахат алуу маданияты, оюнду колдоо маданияты өтө төмөн экени даана көрүнүп турду. Көрүүчүлөр, же күйөрмандар бир заматта эки тарапка бөлүнгөндөй сезилип, бири-бирине аркасын салгандай болду. Ушул жерден эле чогуу отурган эл, бир туугандай журт экиге бөлүнүп, бир заматта ынтымак деген ыйык нерсе отургандардын (күйөрмандардын) ичинен азая баштады. Оюндун аягы чыр-чатак, талаш-тартыш, кайым айтыш, уруш-мушташ менен бүткөнү өтө өкүнүчтүү... Булардын бардыгын күч органдары, коопсуздук комитети терең изилдеп, тийешелүү чараларды көрүп, күнөөсүн мойнуна коюп, жазасын тарткандай кылып, мыйзамдуу нукта чечилет деп ишенем.
Мындан ары келчектеги эгемендүүлүккө арналган салтанаттарды ар бир региондо өткөрсөк дагы, оюн тамашаларын башка түрдө, башка форматта өткөрүш керек деп ойлойм. Себеби, азыр башка доор, башка мезгил, элдин менталитети, маданияты, аң-сезими өзгөрдү окшойт. Кыргыз улуттук оюндарынын тайпаларын (командасын) дагы башка принципте (регионалдык эмес), башка форматта түзүш керек окшойт.
Азыркы убакта элибизге, айрыкча жаштарга ынтымак аба менен суудай керек болуп турат. Кыргыз элимдин тарыхы терең, келечеги кенен, жасап жаткан иштери белен. Байыртадан бери элибиз биримдикти, ынтымакты сактоону бийик жана ыйык милдеттеринин бири деп эсептеп келген. Кыргыз элим эгемендикте жашоону, көз карандысыз болууну эзелтен бери эңсеп келген. Кыргыз элимдин негизги максаттарынын бири – эл арасындагы, айрыкча улуттар арасындагы мамилени жакшыртуу. Себеби, кыргыз элинин басып өткөн татаал, тайгак жана кыйың-кезеңдүү жолу ошого үйрөткөн. Ошондуктан, кандайдыр бир улут аралык маселени чечерде даанышмандык, сабырдуулук, кечиримдүүлүк менен өтө кылдат мамиле жасашкан. Алар биз билгендей, акыл калчаган, билбей туруп шашпаган, керек болсо артка карай бир-эки кадам таштаган, андан кийин гана ынтымак ишин баштаган. Буларга далил катары Манас менен Алмамбеттин, Курманбек менен Аккандын, Сыргак менен Чубактын, Кошой менен Бакайдын мамилелерин, ынтымагын, достошконун айтсак болот.
Кыргызымдын элдик, улуттук оюндары Манас доорунан баштап эле өткөрүлүп келе жатат. Маселен, аш-тойлордо, мамлекеттик салтанаттарда ат чабыш, көк бөрү, кыз куумай, балбан күрөш, эр сайыш, эр эңиш жана башка оюндар бүгүнкү күнгө чейин өткөрүлүп, алардын байгелери өтө чоң коюлчу. Атап айтсак, короо-короо кой, үйүр-үйүр жылкы, уютулган алтын-күмүш. Азыр болсо акча, автоунаа, батир, ак алтын, сары алтын жана башкалар. Жеңген тарап байгесин алар замат алардан көпчүлүк эл соогат (чотон) сураган, “ат байгеси менен келсин” дешкен. Ошондо олжого баткан адамдар ылайыктап бөлүп берген. Айрым ардактуу адамдарга, айыл аксакалдарына соогат суратпай эле олжонун ээлери өздөрү эле билип-туюп, айттырбай урмат-сый катары бөлүшкөн, ыйгарган. Кыргызымдын мындай улуу каада-салты, нарк-насили элибизди ырыс-ынтымакка, биримдүүлүккө чакырган. Маселен, 1920-жылдары Кененбайдын ашы Кара-Кужурда берилет. Ал тойдо башбайгесине 1000 кой, 300 тай, 100 калтардын, 75 суусардын, 50 карышкырдын, 25 кашкулактын, 15 туума улактын териси коюлат. Мындай деңгээлдеги чоң байгелерди таратпаганда байге ээси эмне кылат? Мындан башка дагы улуу байгелер бар болгонун билебиз, маселен: төөлөр, үйүр-үйүр жылкы, толгон топоз, короо-короо кой, жүздөгөн аң-терилер, уютулган алтын-күмүштөр, жана башка жан-жаныбарлар байгеге коюлган.
А биздин 2023-жылдагы эгемендүүлүк күнүнө арналган ат чабыш, кыз куумай, эр сайыш, эр эңиш, көк бөрү салтанаттары эмне менен бүткөнүн баарыбыз билебиз: көпчүлүк адамдар суракка чакырылды, кээ бир азаматтар чынжырланган эшик-терезелүү “мейманканага” жатышты. Көпчүлүк эл талаадагы аттардын акылдуулугуна, оюнда ийкемдүү ийилип туруп, анан чуркап бергенине таңгалышты, судьялардын адилетсиздигине баш чайкашты, атаандаштар менен калыстар кайым айтышты, кээ бирлери мушташты, аягында толгон-токой күйөрмандар оюнга келгендерине ыраазы болбой үйлөрүнө тарашты. МАИ менен болсок дагы, биздин машинаны нааразы болгон көпчүлүк көпкө чейин өткөрбөй, жолду тосуп кармашты, кээ бир жетекчилер келип, “жолду тоспогула” деп элди куру сөз менен алдашты, биздин машинага көпчүлүк жөө баскандар “ала кет” деп жармашты, ат майданынан шаарга чейин кыска жол болсо деле үч саатка жакын (машина менен) жүрсөк дагы, саат тогуздарда гана конок ээлери көнүлдү көтөрүп ашташты, андан кийин аэропортко бизди ташташты, Президенттин бортунда ажобуз менен чогуу учабыз деп мага окшогон жүргүнчүлөр шашпашты.
Кыргыз элимдин тарыхында мындай салтанаттуу жыйындар көп болгон, жыйынтыгы ар кандай бүткөн, бирок көпчүлүгү ынтымактуу жагдайда аяктаганын билебиз. Ошондуктан ынтымак деген нерсе биз үчүн өтө ыйык, чоң сыймык болуш керек. “Улут арасындагы ынтымактын, биримдиктин чогуу жашоонун негизги сыйкыры эмнеде?” деп сураса, мен айтар элем, “аларды биз кыргыз элимдин түпкү тарыхынан, нарк-насилинен, үрп-адаттарынан, байыркы Манастан, азыркы Чыңгыздан тапса болот экен. Буларга мисал, Манастын жети осуяты, Ысык-Көлдүн жети аке-олуялары, жети дубанда жашап өткөн, кара кылды как жарган калыстары, Каныкейдей, Курманжандай, Кыз Сайкалдай жылдыздары, эч пенде бузалбаган кыргызымдын мыйзамдары жана өзгөрбөгөн бийик мурастары.
Улуу жазуучубуз Ч.Айтматов улуттар арасынан өзү көтөрүлүп чыгып, коомчулукка ааламдын кеңдигинен, космостун бийиктигинен карап, улуттардын, айрыкча кыргыз улутунун ынтымак багытындагы миссиясын аныктап берди деп айта алабыз. Улуусуна кичүүсү баш ийбей, байын кедей жактырбай, кедейине байы карабай, бир туугандар бирин-бири көралбай, парламентке татыктууну шайлабай, эрди-катын, ата-бала бири-бирине байланбай калганда ынтымак ыдырайт экен.
Ошондуктан мен айткым келет: “ынтымагың жок болсо, карындаштан кайыр качат, чынардан чайыр качат, хандан күч качат, элден мүлк качат. Ынтымагың жок болсо, элиңдин душманы басат, ыйманы качат, жыйганын чачат, азаматтан мал качат, аргымактан жал качат, элиң башка элге кул болот, кыздарын күң болот, белден берек качат, Ысык-Көлдөн көрк качат” деген кыргыздар. Бул жерде ынтымак менен саясатты алмаштырбаш керек. Себеби, ынтымактын шооласында жүрүп алып саясатты семичкедей чаккандар бар, бүт өмүрүн саясатка чапкандар бар, ошол саясаттан бактысын тапкандар бар, саясаттан чыр сандыкты ачкандар бар, саясаттын запкысынан башка өлкөгө качкандар бар, саясаттын так чокусунан өз балдарын ок менен аткандар бар, ачкөздүктүн аркасынан өз мекенин саткандар бар, саясаттын ызгаарынан окко учуп, түбөлүккө жаткандар бар.
Сиздерге белгилүү болгондой, эл арасында бөлүнүү, биригүүлөрдүн түрлөрү, формалары көп. Мисалы, кыргыздарда уруу-уруу болуп, түндүк-түштүк, ичкилик-аркалык, оң-сол, улуу уруу, чакан уруу, улуу муун, жаш муун, шаардык-айылдык, бай-кедей жана башкалар. Кыргызстанда титулдук улут, башка улуттар ажырымы, облустар, райондор, кокту-колот ажырымы. Динде: мусулмандар (суннит, шиит), христиандар (православдар, католиктер), буддалар. Бийликте: бийлик менен эл ажырымы, Акүй-Көкүй ажырымы. Парламентте (фракция, комитет). Саясатта: партиялар жана башка түрдөгү ажырашуу, биригүүлөр.
Ошол ажырымдардын негизинде 1990-жана 2010-жылдары кыргыз-өзбек улуттарынын чыр-чатагы Ошто, Жалал-Абадда өтө чоң коркунучтарды жаратты. Акыркы эки жылда болгон (2021-2022) Баткендеги кыргыз-тажик конфликттерди айтпай эле коёюн. 2012-жылдары Чүй облусундагы кыргыздар менен дунган элинин ортосундагы конфликт. 2010-жылы эл менен бийликтин ортосундагы чыр-чатакта токсонго жакын азаматтар окко учкан.
Биздин президентибиз айткандай, элибиздин эң кымбат байлыгы – бул көз карандысыз мамлекетибиз, эгемен, эркин элибиз, жагымдуу эне тилибиз. Мындан артык бакыт, мындан ашкан байлык жок. Кыргыз эли ар дайым салтанаттуу күндөрдө, ийгиликтерге ээ болгондо өзүнүн ыйык желегин бийик көтөргөн. Бийиктеги желбиреп турган желегибиз, шандуу эне тилибизге, мекенибизге болгон сүйүүнү өрчүткөн, мамлекеттүүлүктү, ынтымакты сактаганга шыктандырып дем берген.
Ар кандай бөлүнүп-жарылуудан алыстап, акылды асырап, ата-бабаларыбыздын салтын сактап, Манастын ураанын урматтап, Кудайымдын Куранын жаттап, эне сүтүн актап жүрүүгө аракет кылышыбыз керек. Адамдын арыбас жашоосунда Алла Таалам бизге өзү жараткандан баштап эле адамга үч улуу дөөлөттү буюруп коёт экен: ата-энени, ата мекенди, эне тилди. Ошол улуу дөөлөттөрдү элибиз үчүн үчилтиктүү жомогу менен, үч кылдуу комузу менен, үч бурчтуу тумары менен жана көп сандаган мунары менен ыйык сактап, муундан муунга мурастап келе жатат. Ушул улуу мурастан, табериктен кыргыз элим жандүйнөнүн азыгын алып, буюруп койгон бактысын көрүп, кагып койгон алтын казыгын аздектеп келе жатат. Сиздер билесиздерби, кыргызымдын ыйыгы – Жараткан, бийиги – Адам, байлыгы – сөз, башаты – Мекен, байрагы – кызыл туу, урааны – Манас, улуту – Кыргыз, караганы – жылдыз, кармаганы – комуз, суктанганы – сулуулук, урматы – улуулук, аяны – түш, баяны – жомок, таптаганы – күлүк, сактаганы – мүлк, салганы – бүркүт, энчиси – эмгек, эмгени – эмчек, турагы – бозүй, мүнөзү – сабыр, күткөнү – кадыр, мүдөөсү – санжыра, күрөшү – мээнет, тутканы – салт, калысы – калк, тиреги – эл, сайраны – той, санаасы – ой, тагынганы – тумар, талпынганы – тулпар, бермети – Ысык-Көл, бешиги – Ала-Тоо, эңсегени – эркиндик, башындагы таажысы – ак калпак, астындагы алтын тактысы – ынтымак. Кыргызымдын ушундай баалуулуктарын баамдап алып, байый түшөсүң, айтып алып агара түшөсүң, өзүңдү өзүң таанып өзгөрө түшөсүң, ыймандуу боло түшөсүң. Ыймандуу болуу ар бирибизге керек. Ыйман деген нерсе – бул Кудайдын жалгыз экенине, акыреттин бар экенине ишенүү. Жакшылык, жамандык бир гана Кудайдан экенин билүү. Өлгөндөн кийин кайра тирилүү чындык экенин таанып билүү. Мына ушулардын бардыгы аң-сезимиңден, жан дилиңден, жүрүш-турушуңдан бекем орун алышы ыймандуулукту көбөйтөт. “Манас” эпосунда да ыймандуулуктун негизги маңызын түзгөн саптар бар:
Кудай жалгыз, куран чын,
Пайгамбар ак, диним ак,
Бейишим бак, деним сак.
Дагы “Манаста” ыйман жөнүндө мындайча айтылат:
Мурут сизге бул деди, акка болгун кул деди,
Ордуңдан эми тур деди, азыр чыгып ыйман айт деди.
Ырыскы кемчил жакыр кул, ыйманы жок капыр кул,
Намысы жок айбан кул, - деп.
Кыргыз элим илгертен бери өзүнүн карт турмуш-эрежелерин өзгөртпөй, сактап, аларды улантып, барган сайын байытып келе жатат. Караңыздарчы, кандай сонун көрүнүш – жайлоодо жыргап жайлаган, жылгада жылкы айдаган, желеде кулун байлаган, короодо кою маараган, казанда эти кайнаган, талаада гүлү жайнаган, багында булбул сайраган.
Байыркы касиеттүү бабаларыбыз Алтайда, Эне-Сайда, Ала-Тоодо, Орто Азияда уруктан уруу куруп, уруудан улутка жетишип, бек, бай, айрыкча хандык шайлап, түндүгүн көтөрүп, көк асабасын желбиретип, ат арытып, заман карытып, тарыхы терең, келечеги кенен, татаал тикенек-таштактуу жолдорду басып өттү. Ынтымак, достук жобосун жогору коюп, майда-чоңуна, улут-уруусуна карабай, бооруна тартып, мамиле курду. Бирок, кыргыздар башына кыйынчылык түшсө дагы жоонун көзүн карап кошоматтанган эмес. Кыргыз өз кадыр-баркын, абийир-намысын ыйык туткан, кудурет күчүн билген. Уюткулуу журт катарында ар түрдүү уруу, улук элдер менен тийиштүү алакада, алардын күчтүү-алсыздыгына карабай, көчмөн элдин нарктуу-барктуу салтын сактап, адилет, адамгерчилик, боорукерлик, кайрымдуулук, сабырдуулук менен мамиле кылган жана башкаларды ошондой касиетте болууга, нарктуулукка чакырган.
Улуу даанышман бабаларыбыздын узак жолун улаган, руханий маданиятына, талантына, акылмандыгына салымын кошкон, эл оозуна алынган XIX-XX кылымдын да таланттуу акылмандары, даанышмандары бар экенине сыймыктанабыз. Алардын орто кылымдагы жана андан кийинки эле өкүлдөрүн атасак: Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари, Асан Кайгы, Толубай сынчы, Токтогул ырчы, Калыгул олуя, Тоголок Молдо, Молдо Нияз, Нурмолдо, Жеңижок ж.б.
Мамлекеттүүлүктү түптөөдө, элдердин ынтымагын чындоодо зор салымын кошкон Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков, Исхак Раззаков, Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев, Султан Ибраимов, Төрөбай Кулатов, Насирдин Исановго окшогон инсадарыбыз бизге чоң үлгү.
Садыр Жапаров дагы ниети таза, руху бийик, жаман-арам иштерге барбаган, бүт аракетин тынчтыкка, элдин ынтымак-ырыскысына арнаган, эгемендүүлүктү баалаган, элдин ишенимин актаган үлгүлүү президент болот (!) деп толугу менен ишенем.