“Оппозиция мыйзамсыз камалган өлкөдө адилеттүүлүк болбойт”

“Кемпир-Абад боюнча камалгандарга сот иштери 20-апрелге белгиленген эле. Аларды кандай тагдыр күтөт?” деген сурообузду саясат талдоочуларга узаттык.
Эмил Жороев, саясат талдоочу:
-- Активист-патриоттордун камалганы Кемпир-Абад үчүн эместиги анык эле болуп калды. Эгер бизде адилеттүүлүк бар болсо, боштондукка чыгуулары керек. Алардын жарым жыл жөн жерден эле камакта жаткандары боюнча өзүнчө териштирүү жүргүзүлүшү зарыл. Жооптуулар жоопко тартылып дегендей... Өздөрү жакында жазып чыккандай, мүмкүн өлкө башчысы түздөн-түз иштин чоо-жайын билбейт, маалымат берген булактар балким адаштырышкан. Кандай болгон күндө да мунун бир гана жолу бар, ал – камактагыларды чыгаруу. Аларга коюлган “Кемпир-Абад”, “бийликти басып алуу” ж.б. айыптардын бири дагы негизсиз экени билинип эле калды. Эгер бизде мыйзам куру сөз, адилеттүүлүк жөн гана түшүнүк болсо, анда алты ай бою кандай камалып жатышса, дагы деле ошентип камалып жата берүүлөрү ыктымал. Бийлик бул маселени өздөрү баштап алып, мындан ары эмне кыларын деле билбей калышты окшойт. Эгер ыңгайы келсе, өздөрүнө запкысы тийбей турган жолдору болсо, чыгарып эле коймок да.
Элдар Абакиров, экономика министринин мурдагы орун басары:
-- Өнүккөн өлкө менен өнүкпөгөн өлкөнүн айырмасы оппозицияга карата мамиледе болот экен. Сот системасынын адилеттүүлүгү да ушундан билинет. Аныгында оппозиция мыйзамсыз камалган өлкөдө адилеттүүлүк жок. Бул түздөн-түз инвестициялык климатка да таасир этет. Демек, ал жерде адилеттүү, көз карандысыз иштеген таза сот системасы да жок. Эгер камалгандардын күнөөсү болсо, ошол боюнча далилденип, анан соттолсо, же күнөөсү жок болсо бошотулса туура болмок. Анткени камактагы саясатчылар, активисттер көп убакыттан бери мыйзамсыз отурушат.
Руслан Акматбек, саясат талдоочу:
-- Кемпир-Абад боюнча камалгандардын эч далилсиз алты айга жакын убакыттан бери абакта жатышы коомчулукта, алардын туугандарына, жакындарына деле чоң суроо жаратып жатат. Себеби, эгер булар чындап кылмыш кылса эчак айтылып, жазылып, далилденип чыкмак. Эч айыпсыз эле ушундай жаза тартып жаткандары өтө кейиштүү көрүнүш.